Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир жакты көздөй бет алуу, багыт алуу, багыттоо. Беттеген жагын качырып, Белди ашыра жапырып («Эр Табылды»). Кетмен-Төбө жеримди Беттеп кетип барамын (Токтогул).
2. Бир нерсенин бетин бетине келтирүү, кабаттоо. Эки кийизди бири-бирине беттеп, калыңдоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. обращать лицо куда-л.;
жерге беттеп жат лежать ничком, лицом вниз;
2. встречаться лицом к лицу, вступать в поединок; осмеливаться выступить против кого-л.;
каарданып бакырып, Сыргакты беттеп качырып фольк. разъярившись, заревев, он ринулся против Сыргака;
аны ким беттеди? кто смел выступить против него?
беттеп бенде келбеген, бет алып душман жеңбеген фольк. (ни один) смертный (с ним) в поединок не вступал, выступив, (ни один) враг (его) не побеждал;
беттей албай койду он не осмелился, у него смелости не хватило;
Алмамбетке беттебей, сайлап качып жылыптыр фольк. не выступив против Алмамбета, он тайком бежал по ложбинам;
"аламын жоону" деп, жүрөм ар ким мага беттесе фольк. брожу с мыслью захватить врага, какой бы против меня ни выступил;
бакандашып урушуп, жети күн беттеп турушуп фольк. на дубинках сражаясь, семь дней противостояли (они) друг другу;
3. яростно набрасываться;
мээнетим билбей беттедиң, бекерче мени жектедиң фольк. не оценив моего труда, ты набросился, напрасно меня ты поносил;
каарланып, көгөрүп, беттегендир өзүңдү фольк. разъярившись, обозлившись, он набросился на тебя;
4. обозначать, нумеровать страницы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир бет менен экинчи бир бетти төп кылып кабаттоо, бетин бетине келтирүү. Шырдактын бетин беттеп кой. Чачылган барактарды иреттеп жыйнап, беттеп койду. 2. Тоонун, кырдын ж. б. бир жак тарабын каптоо, каптал же бет менен жүрүү. Каймактай семиз кой-козу, Капталды беттеп жайылган (Мидин). 3. Бир жакты көздөй багыт алуу, бетме-бет чыгуу. Кетмен-Төбө жеримди Беттеп кетип барамын (Токтогул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн койгон айыбын мойнуна албай, кепке-сөзгө келбей, жулунуп-жулкунуп, кайра өзүнө асылуу, сүйлөтпөө, айтканын төгүнчө чыгарууга аракет кылуу. Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев). Калыйча да жалтанбай беттен алат (Осмоналиев). Арийне ар деп беттен албай, минткени жетекчинин тереңдигинен, өзүн да, сени да сыйлаган дыгынан (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кепке-сөзгө келбей эле оройлонуп бир тийүү, алкынып-албууттана сүйлөө, эч негизи жок эле кайра өзүнө асыла сүйлөө. Орой болсоң таркылдап, Наадандыктын белгиси, Аялың алса бетиңден, Адамдын келет өлгүсү (Токтогул). Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт (макал). Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от бетте-
заставить повернуть лицо, поворачивать кого-л. лицом;
ушу кезде Эрмегиң, жоо беттетпей, жол чалып, чолосу тийбей жүрүптүр фольк. в настоящее время твоему Эрмеку недосуг, он ездит, осматривая пути и не допуская врага.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. бетте этишинин кош мамилеси. 2. Бетме-бет чыгуу, бетме-бет келип кармашуу, салгылашуу. Бакбур менен беттешип, Сайышкан адам оңбоптур («Курманбек»). 3. Бетме-бет абалда болуу, бетме-бет абалда жолугушуу, кездешүү. Ушул суудан кечпесем, Карап турган кыздарга, Уялбай кантип беттешем («Семетей»). Шыңгыратып бокалды, Нечен ирет беттештик (Токомбаев). || Спорттук оюндарда, мелдештерде жеңишке жетишүү, күч сынашуу максатында бири-бири менен таймашуу. Биз бүгүн волейбол боюнча № 6 мектептин окуучулары менен беттешебиз («Жаш ленинчи»). || Суракта же бир иштин чындыгына жетүү максатында бири-бири менен бетме-бет, көзмө-көз туруп айтып берүү. Суракта беттешип, мойнуна коюу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

БЕТТЕШТИРҮҮ – мурда сурак берип, алардын көрсөтмөсүндө эки ача карама-каршылык чыккан учурда, бир эле мезгилде 2 адамдын сурак бере турган тергөө иши. Атайын өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болгон сурактын бир түрү.