Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир бет менен экинчи бир бетти төп кылып кабаттоо, бетин бетине келтирүү. Шырдактын бетин беттеп кой. Чачылган барактарды иреттеп жыйнап, беттеп койду. 2. Тоонун, кырдын ж. б. бир жак тарабын каптоо, каптал же бет менен жүрүү. Каймактай семиз кой-козу, Капталды беттеп жайылган (Мидин). 3. Бир жакты көздөй багыт алуу, бетме-бет чыгуу. Кетмен-Төбө жеримди Беттеп кетип барамын (Токтогул).