Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн койгон айыбын мойнуна албай, кепке-сөзгө келбей, жулунуп-жулкунуп, кайра өзүнө асылуу, сүйлөтпөө, айтканын төгүнчө чыгарууга аракет кылуу. Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев). Калыйча да жалтанбай беттен алат (Осмоналиев). Арийне ар деп беттен албай, минткени жетекчинин тереңдигинен, өзүн да, сени да сыйлаган дыгынан (Бейшеналиев).