БЕТТЕН АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кепке-сөзгө келбей эле оройлонуп бир тийүү, алкынып-албууттана сүйлөө, эч негизи жок эле кайра өзүнө асыла сүйлөө. Орой болсоң таркылдап, Наадандыктын белгиси, Аялың алса бетиңден, Адамдын келет өлгүсү (Токтогул). Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт (макал). Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев).