Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ТЕРГӨӨкылмыш-жаза процессинде далилдөөнүн предметине кирген жагдайларды айкындоо үчүн зарыл жана жеткиликтүү далилдерди жыйноо жана текшерүү. Тергөө – жалпылоочу түшүнүк, анда төмөндөгүлөр камтылат: алдын ала тергөө – кылмыш-жаза-процесстик кылмыш-жаза иши козголгондон кийинки өз алдынча баскычы; соттук тергөө – биринчи баскычтагы соттогу соттук иликтөөнүн курамдык бөлүгү. Соттук тергөөнүн жүрүшүндө соттолуучунун, жабырлануучунун жактоочусунун жана мыйзамдуу өкүлүнүн, жарандык доогердин жана жарандык жоопкердин (алардын өкүлдөрүнүн) катышуусу менен өткөрүлгөн сот жыйынында сот иши боюнча далилдерди тикелей иликтөөнү ишке ашырат. Мында алдын ала тергөөдө (алгач тергөөдө) чогултулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди жыйноо жана текшерүү жүргүзүлөт. Соттук тергөөнүн алкагы айыптоо корутундусу менен аныкталат. Өкүмдүн (аныктаманын) негизин соттук тергөөдө иликтенген далилдер гана түзө алат.