Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ТЕРГӨӨкылмыш-жаза процессинде далилдөөнүн предметине кирген жагдайларды айкындоо үчүн зарыл жана жеткиликтүү далилдерди жыйноо жана текшерүү. Тергөө – жалпылоочу түшүнүк, анда төмөндөгүлөр камтылат: алдын ала тергөө – кылмыш-жаза-процесстик кылмыш-жаза иши козголгондон кийинки өз алдынча баскычы; соттук тергөө – биринчи баскычтагы соттогу соттук иликтөөнүн курамдык бөлүгү. Соттук тергөөнүн жүрүшүндө соттолуучунун, жабырлануучунун жактоочусунун жана мыйзамдуу өкүлүнүн, жарандык доогердин жана жарандык жоопкердин (алардын өкүлдөрүнүн) катышуусу менен өткөрүлгөн сот жыйынында сот иши боюнча далилдерди тикелей иликтөөнү ишке ашырат. Мында алдын ала тергөөдө (алгач тергөөдө) чогултулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди жыйноо жана текшерүү жүргүзүлөт. Соттук тергөөнүн алкагы айыптоо корутундусу менен аныкталат. Өкүмдүн (аныктаманын) негизин соттук тергөөдө иликтенген далилдер гана түзө алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕРГӨӨГӨ КАРАШТУУ – КРдин кылмыш-жаза процессинде кылмыш-жаза ишинин белгилеринин (юридикалык касиеттеринин) жыйындысы, ага ылайык бул иш боюнча кандай орган тергөө же алгачкы тергөө жүргүзүүгө тийиш экени мыйзам тарабынан аныкталат. Кылмыш-жаза ишинин Т. к. предметтик (түрдүк), аймактык (жергиликтүү) жана жекече белгилери айырмаланат. Конкреттүү кылмыш-жаза ишинин Т. к-лугун аныктоодо алар бир эле учурда жана чогуу бааланат. Мыйзамда кылмыш-жаза иштеринин Т. к-лугу прокуратуранын тергөөчүсү, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдары менен чектелген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕРГӨӨ ИШ-АРАКЕТТЕРИ – мыйзамда белгиленген тартипте далилдерди чогултуу жана текшерүү жаатында тергөөчү, алгачкы тергөө органы, прокурор тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер. Т. и-не төмөндөгүлөр кирет: суракка алуу, беттештирүү, тинтүү жана алуу, мүлктү камоо, тергөөлүк карап чыгуу жана күбөлөндүрүү, таануу үчүн адамдарды жана буюмдарды көрсөтүү, тергөө эксперименти жана башкалар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕРГӨӨ КАМАКЖАЙЫ – чектөө чарасы катары камакка алуу колдонулган шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кармап туруучу мекеме. Т. к-ж-нда этаптоону күтүп олтурушкан жана ошол жердеги чарбалык иштерди аткаруу үчүн калтырылган соттолгондор да кармалып турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕРГӨӨ КАРООСУ – кылмыш издерин жана башка буюмдай далилдерди табуу, окуянын жагдайын жана иш үчүн мааниси бар жагдайларды айкындоо максатында ишке ашырылуучу тергөө иш-аракеттери. Төмөнкү аракеттер жүргүзүлөт: окуя өткөн жерди кароо; өлүктү кароо; нерселерди, документтерди, мал-жандарды, окуя өткөн жер болбогон жерлерди жана орун-жайларды кароо. Айыпталуучунун (шектүүнүн), күбөнүн, жабырлануучунун күбөлөндүрүүсү Т. к-нун бир түрү. Т. к-нун ар бир түрүнүн, аны жүргүзүүнүн тактикасын аныктоочу өз өзгөчөлүгү болот. Ошентсе да, жүрүмдүк жана тактикалык мүнөздөгү бир катар жалпылыктары да бар. Алып айтсак, Т. к-н өткөрүүдө калыс күбөлөрдүн болуусу милдеттүү; тергөөчү Т. к-на катышууга айыпталуучуну, жабырлануучуну, шектүүнү, күбөнү, ал эми зарыл болгон учурларда адисти (сот медигин, криминалистти, товар жүгүртүүчүнү ж. б.) чакырууга (кээде милдеттүү) укуктуу. Объекттерди Т. к. алар табылган жерлер боюнча – өзгөчө учурларда гана – тергөө өндүрүшүнүн жеринде жүргүзүлөт. Т. к. жүрүшү жана жыйынтыктары мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынуусу тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕРГӨӨ ЭКСПЕРИМЕНТИ – тергөө аракети, анын маңызы кылмыш ишиндеги иш жүзүндөгү маалыматтарды тергелип жаткан окуяларга мүмкүн болушунча жакындатылган шарттарда тажырыйба жана сыноо өткөрүү менен текшерүүдө турат. КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык, тергөөчү белгилүү бир окуяда болгон аракеттерди, анын кырдаалын жана башка жагдайларын кайра түзүү жана зарыл тажырыйбаларды өткөрүү жолу менен тергөө экспериментин жүргүзүүгө укуктуу. Мында кандайдыр бир фактыларды кабылдоонун, белгилүү бир аракеттерди жасоонун, кандайдыр бир окуя болушунун мүмкүндүгү текшерилет, ошондой эле болгон окуянын ырааты жана издердин калуу механизми айкындалат. Экспериментке катышкан адамдардын денсоолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулбаган, алардын кадыр-баркына доо келбеген учурда гана Т. э-н жүргүзүүгө жол берилет. Т. э-н өткөрүүдө калыс күбөлөр катышууга тийиш.