и. д. от терге-
судебное следствие;
иши тергөөдө он находится под следствием;
тергөөдө аныкталды на следствии выяснилось;
тергөө сөз то же, что тергеме сөз (см. тергеме).
терге этишинин кыймыл атоочу.
tergöö
sorgulamak, tahkikat (huk.)
терге этишинин кыймыл атоочу.
ТЕРГӨӨГӨ КАРАШТУУ – КРдин кылмыш-жаза процессинде кылмыш-жаза ишинин белгилеринин (юридикалык касиеттеринин) жыйындысы, ага ылайык бул иш боюнча кандай орган тергөө же алгачкы тергөө жүргүзүүгө тийиш экени мыйзам тарабынан аныкталат. Кылмыш-жаза ишинин Т. к. предметтик (түрдүк), аймактык (жергиликтүү) жана жекече белгилери айырмаланат. Конкреттүү кылмыш-жаза ишинин Т. к-лугун аныктоодо алар бир эле учурда жана чогуу бааланат. Мыйзамда кылмыш-жаза иштеринин Т. к-лугу прокуратуранын тергөөчүсү, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдары менен чектелген.
ТЕРГӨӨ ИШ-АРАКЕТТЕРИ – мыйзамда белгиленген тартипте далилдерди чогултуу жана текшерүү жаатында тергөөчү, алгачкы тергөө органы, прокурор тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер. Т. и-не төмөндөгүлөр кирет: суракка алуу, беттештирүү, тинтүү жана алуу, мүлктү камоо, тергөөлүк карап чыгуу жана күбөлөндүрүү, таануу үчүн адамдарды жана буюмдарды көрсөтүү, тергөө эксперименти жана башкалар.
ТЕРГӨӨ КАМАКЖАЙЫ – чектөө чарасы катары камакка алуу колдонулган шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кармап туруучу мекеме. Т. к-ж-нда этаптоону күтүп олтурушкан жана ошол жердеги чарбалык иштерди аткаруу үчүн калтырылган соттолгондор да кармалып турат.
ТЕРГӨӨ КАРООСУ – кылмыш издерин жана башка буюмдай далилдерди табуу, окуянын жагдайын жана иш үчүн мааниси бар жагдайларды айкындоо максатында ишке ашырылуучу тергөө иш-аракеттери. Төмөнкү аракеттер жүргүзүлөт: окуя өткөн жерди кароо; өлүктү кароо; нерселерди, документтерди, мал-жандарды, окуя өткөн жер болбогон жерлерди жана орун-жайларды кароо. Айыпталуучунун (шектүүнүн), күбөнүн, жабырлануучунун күбөлөндүрүүсү Т. к-нун бир түрү. Т. к-нун ар бир түрүнүн, аны жүргүзүүнүн тактикасын аныктоочу өз өзгөчөлүгү болот. Ошентсе да, жүрүмдүк жана тактикалык мүнөздөгү бир катар жалпылыктары да бар. Алып айтсак, Т. к-н өткөрүүдө калыс күбөлөрдүн болуусу милдеттүү; тергөөчү Т. к-на катышууга айыпталуучуну, жабырлануучуну, шектүүнү, күбөнү, ал эми зарыл болгон учурларда адисти (сот медигин, криминалистти, товар жүгүртүүчүнү ж. б.) чакырууга (кээде милдеттүү) укуктуу. Объекттерди Т. к. алар табылган жерлер боюнча – өзгөчө учурларда гана – тергөө өндүрүшүнүн жеринде жүргүзүлөт. Т. к. жүрүшү жана жыйынтыктары мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынуусу тийиш.
зат. Кылмыш иштерине байланыштуу тергөө, суракка алуу жумуштарын жүргүзүүчү кызматкер.
ТЕРГӨӨЧҮ – иши боюнча тергөө жүргүзүүгө укуктуу, КРдин прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, каржы полициясында жана башка мамлекеттик органдарда иштеген кызмат адамы.
Кылмыш иштерине байланыштуу тергөө, суракка алуу жумуштарын жүргүзүүчү кызматкер.
ТЕРГӨӨ ЭКСПЕРИМЕНТИ – тергөө аракети, анын маңызы кылмыш ишиндеги иш жүзүндөгү маалыматтарды тергелип жаткан окуяларга мүмкүн болушунча жакындатылган шарттарда тажырыйба жана сыноо өткөрүү менен текшерүүдө турат. КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык, тергөөчү белгилүү бир окуяда болгон аракеттерди, анын кырдаалын жана башка жагдайларын кайра түзүү жана зарыл тажырыйбаларды өткөрүү жолу менен тергөө экспериментин жүргүзүүгө укуктуу. Мында кандайдыр бир фактыларды кабылдоонун, белгилүү бир аракеттерди жасоонун, кандайдыр бир окуя болушунун мүмкүндүгү текшерилет, ошондой эле болгон окуянын ырааты жана издердин калуу механизми айкындалат. Экспериментке катышкан адамдардын денсоолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулбаган, алардын кадыр-баркына доо келбеген учурда гана Т. э-н жүргүзүүгө жол берилет. Т. э-н өткөрүүдө калыс күбөлөр катышууга тийиш.