жабырлануучу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖАБЫРЛАНУУЧУ – кылмыштын натыйжасында моралдык, мүлктүк зыян тарткан же денесине залал келген адам. Адамды жабырануучу деп табуу жөнүндө тергөөчү же сот токтом чыгарат. Адамды жабырануучу деп табуу жөнүндө чечим залал келтирүүчү кылмыш жасалганы айкындалгандан кийин чыгарылат жана анын жаш курагына, акыл-эсинин жана дене-күч абалына көз каранды болбойт. Кылмыштын кесепетинен жабырлануучу каза болуп калган учурда, кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын укуктары анын жакын туугандарына берилет.