Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ЖАБЫРЛАНУУЧУкылмыштын натыйжасында моралдык, мүлктүк зыян тарткан же денесине залал келген адам. Адамды жабырануучу деп табуу жөнүндө тергөөчү же сот токтом чыгарат. Адамды жабырануучу деп табуу жөнүндө чечим залал келтирүүчү кылмыш жасалганы айкындалгандан кийин чыгарылат жана анын жаш курагына, акыл-эсинин жана дене-күч абалына көз каранды болбойт. Кылмыштын кесепетинен жабырлануучу каза болуп калган учурда, кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын укуктары анын жакын туугандарына берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАБЫРЛАНУУЧУ МЕНЕН ЖАРАШУУ (ЭЛДЕШҮҮ) – КР кылмыш-жаза укугундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу негиздеринин бири. КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, биринчи жолу өтө оор эмес кылмыш жасаган адам жабырлануучу менен өзара келишкен учурда, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.