Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр кырсыктуу оор иш же начар кылык-жорук жөнүндө сөз болгондо андайды көрбөйлү, мындайга кабылтпасын, андан алыс бололу деген мааниде колдонулат. Ооба, андайдын бетин ары кылсын (Жантөшев). Сенден орун талашайын деген ниетим жок, анын бетин ары кылсын (Абдукаимов). Көпкөк чырпык кезиңерде, анын бетин ары кылсын кокуй! (Өмүрбаев).