БЕТИНЕН КАНЫ КАЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кубарып-кумсарып өңү бузула түшүү, купкуу болуп өң-алеттен кетүү (ачууланып, каарданып, же бир нерседен катуу корккон абалга карата). Акматтын бетинен каны качып, жоош чоң көзү чарасынан чыккан (Осмоналиев). Ошого карабай манаптын бетинен каны качып, кызуулана балтыр этин эзе кармап, олчойгон бутун солбуй, кеги кетпөөчүдөй көшөрдү (Бейшеналиев). В.: Бетинен кан-сөлү качуу. Чакырылгандар жөөлөшүп, ызырынып, беттеринен кан-сөлү качып, чакчаңдаша көздөрү чанагынан чыгып, Касымбектин үстүнө жулунуп киришип, опурулуп чурулдоодо (Бейшеналиев).