Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыпкызыл болуп нурданган, булкуюп толук көрүнгөн. Ал бетинен каны тамган, чокчо сакал, чоң чулу киши (Бердикеев). Бетинен каны тамган кара тору жигит домбура чертти (Укаев). Айылчы .. карыса да бетинен каны тамган, көгала сакал, азуулуу айбандын сырттаны кейиптенген үй ээси карыяга күрсүндү (Бейшеналиев).