Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн уяттуу ишин ашкерелөө, уятын чыгаруу, айыбын ачып, эл алдына дайын кылуу, маскаралоо. Эгер сен намыссыз болбосоң, райондук кызматчылардын алдында менин бетиме көө жаап, душманды калкалап каласыңбы? (Жантөшев). Жалган жеринен бетине көө жаап, ал камакка алынды (Эшмамбетов). Арыды-карыды, эми сөөлөт күтөр десе, муну карабайсыңбы, бүт Баракбай тукумунун бетине көө жапты (Айтматов). В.: Бетине көө жагуу. Гүлбүбүнүн бетине көө жагышты (Сыдыкбеков). Жанагы элден чыккан шерменденин көзүн тазалап, катындарыбыздын абийирин сактап калбасак, эми жамы эркекпин бетине көө жагар (Сыдыкбеков). Бетине көө сүртүү. Кызыңды тыйып ал деп, бетиме көө сүрткөн кишини эмне дейм (Каимов). Бетине көө сыйпоо. Жакшылык кылган адамынын алдында кимдир бирөө бетине көө сыйпап салгансыйт (Осмоналиев). Жүзүнө көө жабуу. Аның бул иттигин койбосо, бүт элдин жүзүнө көө жабат ко («Ала-Тоо»).