Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө жагымсыз, начар ишти, абдан коркунучтуу, же жийиркеничтүү абалды, жамандыкты билдирүүдө бирөөгө наалат айтуу маанисинде колдонулат. – Бети курусун ...биз го баш-учунда болгонубуз жок, уккандар айтат (Касымбеков). Эсим оой түштү. Экөөнүн колун боорума басып турам. О-о, ал күндүн бети курусун. Өпкө-боорум куушурулуп, ичим куйкаланып баратат (Өмүрбаев). В.: Жүзү курусун. Эне-атасы катар өлтүрүлгөн коркунучтуу түн. О-о, ал түндүн жүзү курусун (Өмүрбаев).