БЕТЕГЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көбүнчө койго, жылкыга мыкты тоют болуучу майда жалбырактуу жапайы чөп. Өндүр ичи мелтиреген бетеге, аны мал канчалык тепсеп жатса да, уйпаланып койбойт (Убукеев). Ак карды жээрде кашка эше-эше тээп, алдынан бетеге аралаш тулаңды эшип жей баштады (Жантөшев).