Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн уяттуу ишин ашкерелеп уятын чыгаруу айыбын ачып эл алдына дайын кылуу, маскаралоо. Эгер сен намыссыз болбосоң, райондук кызматчылардын алдында менин бетиме көө жаап, душманды калкалап каласыңбы? (Жантөшев). Жалган жеринен бетине көө жаап, ал камакка алынды (Эшмамбетов). Арыды-карыды эми сөөлөт күтөр десе муну карабайсыңбы, бүт Баракбай тукумунун бетине көө жапты (Айтматов).