БЕТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Баштын ооз, мурун, көз жайгашкан маңдайкы бөлүгү, адамдын жүзү. Кар жаап, улам бетке урган сайын көңүлдү сергитет (Байтемиров). || Адамдын жүзүнүн көздөн төмөнкү, эки жаактын ортосундагы бөлүгү. Эки бети алмадай кызарган Жийдегүл үйгө кирди (Сасыкбаев). Калбүбү уялып кетти көрүнөт, бети тамылжып кызара түштү (Убукеев). 2. Мейкиндиктин үстү, үстүнкү жайык жагы. Көл бетине нур чагылышат (Сыдыкбеков). Таң сөгүлүп, жер бетине шооласын чачып калган кез (Убукеев). Байчечекей, мандалак, Жайнаган жердин бетинде (Токтогул). 3. Бир нерсенин бир тарап жагы, капталы (мисалы, тоонун). Береги чалкакта жаткан бир үйүр жылкы машинаны көрөр замат дыр берип, үрккөн бойдон, бетке чыга качты («Жаш ленинчи»). Акбар ашуунун аркы бетинде жүрдү (Убукеев). // Жазы же жайылган нерсенин үстүнкү тарабы. Дасторкон жайылып, анын бети түрдүү тамакка толду (Байтемиров). 4. Китеп, журнал ж. б. ар бир барактарынын эки жаккы тарабы. Тамгалар сапсап тартып, ак кагаздын бетине кандайдыр жарашкансып көрүнөт (Сыдыкбеков). А күнү газетаңдын ачып бетин, Карасам улам жаңы келет сезим (Нуркамал). 5. Уят, абийир. Жеген чөптү танасың Бетиң кана, куба кой (Тоголок Молдо).