БЕТИН АРЫ КЫЛСЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр кырсыктуу оор иш, же начар кылык-жорук жөнүндө сөз болгондо андайды көрбөйлү, мындайга кабылтпасын, андан алыс бололу деген мааниде колдонулат. Ооба, андайдын бетин ары кылсын (Жантөшев). Сенден орун талашайын деген ниетим жок, анын бетин ары кылсын (Абдукаимов). Көпкөк чырпык кезиңерде, анын бетин ары кылсын кокуй! (өмүрбаев). В.: Жүзүн ары кылсын. А кулагандын жүзүн ары кылсын (өмүрбаев). Асты биз тарткан азаптын четин ушуларга көргөзбөсүн! Анын жүзүн ары кылсын! Бу баш, көз жашка жуунуп, көкүрөк дартка муунду го! (өмүрбаев). В.: Бетин көрсөтпөсүн. Акбаевдин көзүнө ошо согуш күндөрүндөгү жаралуу жер көрүндү. Оо, эми анын бетин көрсөтпөсүн! (Өмүрбаев).