Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу уялуу, абдан уят болуп абийри ачылуу. Таякеңдин колу жер алдында эмес, туугандарга барса бир кой бөксөлөп келбейт беле, - деп бетинен оту чыга чебеленди (Ашымбаев). - Сен эмне үчүн чоң атама барбайсың, ата? -Минтип...- деп атасы көз айнегин алып, бир аз кызарып, бетинен оту чыгып, онтойсуздана түштү, - кол бошобой эле ... (Жусупов).