БЕТКЕ АЙТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч тартынбай, жалтактабай болгон чындыкты өз көзүнө тике айтуу, тайсалдабай түз айтуу. Кең көйнөктүн этек-жеңин делбиретип-далбыратып колду көтөрө салган Батийна баягы элеттиктин тартынбай бетке айтар өкүмдүгүнө салды (Сыдыкбеков). Кыздын ийкемдүү, ак жүрөк, бетке айтар жагын ойлоп гана кичине ынанат (Бердикеев).