бетегелүү Киргизско-русский словарь Юдахина поросший ковылём (перистым), типчаком;бетегелүү жана шыбактуу көк жайык поляна, поросшая ковылём и полынью.
бетегелүү Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Бетегеси көп. Бетегелүү өрүшкө Өргүтө малды салышкан (Барпы). Бетегелүү жер жакшы, пейли жакшы эл жакшы.
БЕТЕГЕЛүү Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Бетегеси көп, бетеге чыккан. Бетегелүү колоту миң сан жылкы өрдөгөн (Үмөталиев). Ат чабымдан алыс бетегелүү жана шыбактуу көк жайык (Жантөшев).