Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир кыжалаттан чыгуу үчүн же көздөгөн максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн бир нерсени шылтоолоп же бирөөнүн кадыр-баркына таянып, ошого ишенип иш кылуу, өтүнүү. Баласын бетине кармап келгенинен куру чыгара алган жокпуз («Чалкан»). үчөөнүн бетине кармаганы бир гана Зейне («Ала-Тоо»). Акын бу кырчаңгы таздын Бошкойду бетине кармап тийишкенин да түшүндү (Бейшеналиев). Баланын хан атына далдаланып, аны бетине кармап, мени менен эрез талашкысы келип жүргөн кишилер бар эле (Касымбеков). – Жантай баатыр, улуу башыңды кичик кылып, жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең мен чанмак белем (Бейшеналиев).