Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу уялуу, катуу уятка калуу. Мен аң-таң болуп, киши келатса эле бетимин оту чыгып, жер баса албай уялчу болдум (Абдукаримов). үсөнов арифметикадан «жаман» деп мугалим бааны, угузганда, жыйналышта отурган үсөндүн бетинен оту чыгып кетти («Ленинчил жаш»). Таякеңдин колу жер алдында эмес, туугандарга барса бир кой бөксөлөп келбейт беле, – деп бетинен оту чыга чебеленди (Ашымбаев).