Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Амир Темирдин небереси Захар ад-дин Мухаммед Бабур Орто Азияны Мухаммед Шайбаниге тарттырып жиберип, кыштын күнү Афганистанга ашып бара жатканда, бетегени көрүп, ал жөнүндө минтип жазат: «Анжиянда бул чөптү бутхак деп атайт, эмне үчүн андай аталганынын себеби белгисиз болчу, бирок бул жерде билдим: бул чөп чогуусу менен өскөндүгү үчүн буте-ках деп атаган окшойт». Анткени иран тилинде буте деген сөз «бадал, чогуу өскөн өзүнчө топ» деген маани берет. Ал караган-бута деген учурда кыргыз тилинде да айтылат. Ал эми ках сөзү «майда саман, топон» дегенди билдирет. Бабурдун байкоосу туура болсо, анда бетеге бир тамырдан бир нече сабак өсүп чыгып, өзүнчө бир чогуу турган топ болуп көрүнгөндүгү үчүн ушундай наамга ээ болгон. Жогоркудай пикирге кошулууга болот. Анткени түрк тилдеринде бетегенин аттары ар түрдүү. Алсак кылкан (кырг., чув. кылган) башк., тат., ног., боз (каз., өзб.), чейран оту (аз.), агот (аз.), ак селеу (каз.). азаогу (тув.), каңгы (тув.), селин (түркм.), чалов (өзб.), хал сарыг (хак). Бетеге сөзү кыргыз, ногой, башкыр, кумык, казак тилдеринде гана айтылат. Ушуга караганда Бабурдун пикири туура өңдөнөт.