Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыгыш жөндөмөдөгү атоочтор менен же тактоочтор менен айкалышып, салыштыруу, күчөтүү маанисин берет. Менден бетер сен да ачуулуу белемсиң? (Сасыкбаев). Маңдайдан сылаган энеден бетер, бул сыдырым бир мезгил – үстүнөн калкып өтөт (Сыдыкбеков). Жаан баягыдан бетер лыпылдап төгүп кирди (Байтемиров). Жылдызкан мурдагыдан бетер чыңалды (Байтемиров).