БЕТИ КАРА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Уяты жок, адамкерчилиги, адамдык сапаты жок, уят-сыйытты билбеген маскара. А Мырзакул бери карабайт, көзүн ала качат, демек, бети кара, ниети кара (Касымбеков). Бети каралар эми өздөрү качып кетишкен экен (Токобаев). Ой, бети кара о-ой, оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров).