БЕТ БАКТЫРБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Айтканга көнбөө, моюн сунбоо, чендетпөө, жолотпоо. - Койгула, аралашпагыла! - деп Кален бет бактырбай тыйып салды (Укаев). Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт (Сыдыкбеков). 2. Бет алдыдан ургулап катуу тосколдук кылуу, баш көтөртпөө (көбүнчө бороон-чапкын, жамгыр, карга карата). Түн эле, Кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Аалы). Бет бактырбай турган бороон.