БЕТИНЕ КАРМОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир ишке себеп, негиз кылуу үчүн бир нерсени шылтоолоп, ага таянып бүтүрүү аракетинде болуу. Акын бу кырчаңгы таздын Бошкойду бетине кармап тийишкенин да түшүндү (Бейшеналиев). Баланын хан атына далдаланып, аны бетине кармап, мени менин эрез талашкысы келип жүргөн кишилер бар эле (Касымбеков). - Жантай баатыр, улуу башыңды кичик кылып, .. жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең мен чанмак белем (Бейшеналиев).