Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн алдында өзүн айыптуудай, күнөөлүүдөй сезип катуу уялуу, тике карай албоо өтө ыңгайсыз абалда болуу. Шарафуддин байбичеси, бала-бакырасы менен сапардан кайтканда бетим күйүп кымырылганымчы (Бейшеналиев). Байдын жесири да, Чырым да беттери күйүп, ага саламдашууга батына албай жүрүшкөн (Каимов).