Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн көңүлүнө, көзүнө карабай болгонун болгондой тике айтып салма, эч тартынбай, оройлонуп, кемчилигин түз айтма. Уяң келинге жээнинин кыялы кызыктай өңдөнүп, бетке чабар, жада калса кыймылынан өйдө осол көрүндү (Ашымбаев). Минтип орой да болсо чындыкты айткан, бетке чабар Жаркынбай гана айта алат (Бейшеналиев). -Өмүрзак көзүнүн чаарын чыгара бетке чабар мүнөзүнө жеңдирип .. дүңгүл сакалын түйдөктөнтө бакылдады (Бейшеналиев).