Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Качандыр бир мурда болуп өткөн кылмышы, күнөөсү ашкереленүү, далилденүү, аныкталуу. Анын эмнесин сурайсың, баягылары бетине тамга болбодубу («Ала-Тоо»). Атасын жашырып жүргөнү бетине тамга болуп, Жалий турган жеринде ката көзү чакчайды (Бейшеналиев). Жалий Турсунду амал, алдоо жолу менен имерем деп, абийрин ачтырып, жашырган изи бетине тамга болуп акмагы чыкканда акыркы күчүн, тапанчасын колдонду (Бейшеналиев).