Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ачуусу келүү, сурдануу, жаалы келүү, каардануу. Дүйшөңдү кармап тура албаганыма арданып, байкемдин түгү чыккан бетине дит багып карай албадым (Жусупов). Абил бий.. ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгү чыгып отурду (Касымбеков). Кудаймендинин бетинен түгү чыгып түктүйүп отурду (Укаев). 2. Корккон, чочулаган, бир нерседен сестенген абалда болуу. Ээр үстүндө үрпөйүп, бетинен түгү чыккан балага күлүктү мингизди («Ала-Тоо»).