Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Даап карай албоо, батына албоо, түз барууга кудурети жетпөө, тике карай албоо. Капилеттен кармалган күнөкөрдөй бет бага албай башын эңилтип,.. жазасын тартууну күттү (Бейшеналиев). Кары ата-энесине Бөбөк бет багып карай албай отурган (Укаев). Жоонун колу бет бага албай качышкан (Турусбеков). Ойго жеңдирип, ички сырын чечип айтышка бет бага албай сөзгө мокоду («Ала-Тоо»).