бет
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Адамдын жүз, өң жагы, көздөн төмөнкү, эки жаактын ортосундагы бөлүгү. Айгүлдүн беттери ысып, килактары чуулдай баштады (Жантөшев).
♦ Бетин ачуу — 1) айыбын ачуу, ашкерелөө, дайын кылуу. Көптөн берки былыктын бетин ачып, элге дайындайм («Чалкан»); 2) уялчаак, тартынчаак кишини батынып, уялбай турган кылып коюу. Бетме-бет — бет алыша, көзмө-көз. Бет алды — чаржайыт, туш келди. Беттен алуу — оройлук кылып урушуу, тилдөө, көңүлүн калтыруу. Бетке айтуу — өз көзүнө айтуу, өзүнө айтуу. Бет маңдай — алды жак, карама-каршы же бет алды жак.
- 2. Нерсенин үстүнкү, сырт жаккы тарабы. Таңга маал көлдүн бети күмүштөй ак кардуу бийик тоолорго жарашып жатты (Сасыкбаев). Жер бети.
- 3. Каптал, тарап. Кырдын эки жак бети толтура мал. Көчөнүн бир бетинен экинчи бетине өтүү.
- 4. Барактын эки жак тарабы. Жүз беттен турган китеп. Кагаздын эки бетине тең жазуу. Бир багытты көздөөнү билдирүү үчүн колдонулат. Жоого каршы бет алып, Барган жигит жакшы экен (Барпы).
- 5. өт. Уят, абийир. Бети жок киши. Жеген чөптү танасың, Бетиң кана куба кой (Тоголок Молдо).