Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Нурдануу, тамылжып өңүнө кирүү, өңдөнүп кызара баштоо (кандайдыр кубаныч менен толкундаган, же өтө начар абалдан өйдөлөп, оңоло баштаган учурларга карата). Осмондун бетине кызыл жүгүрүп, жылмайып турду (Саатов). Чала ачылган түндүктөн кызга күндүн шооласы тийип, кыздын купкуу бетине кызыл жүгүрдү (Абдукаимов). В.: Бетине кан жүгүрүү. Анын бетине кан жүгүрүп, жандана түштү (Кыдырмышев).