Киргизско-русский словарь Юдахина
1. солнце;
күн чыкты солнце взошло;
күн чыгыш
1) восход солнца;
2) восток;
күн чыга или күн тие с восходом солнца; ранним утром;
күн чыгардын алдында перед восходом солнца;
күн батты солнце зашло;
күн баткандан кийин после захода солнца;
күн кызылын ала батты примета солнце село, захватив свою красноту (т.е. закат был чистым, что предвещает хорошую погоду);
күн батыш
1) заход солнца;
2) запад;
күн жак или күн жүрүш или күн жүрүш жагы юг;
күн жүрүштө на юге;
күн жүрүш жактан с южной стороны;
күн тоо-тоонун башына тие когда солнце только-только ещё касается верхушек гор;
күн абада толгондо, түш абыдан болгондо фольк. когда солнце в небе станет полным, когда наступит точно полдень;
күн тийбес жер место, куда не доходят солнечные лучи;
күн тийбес жерге бактырып фольк. заботясь и лелея (букв. воспитывая там, куда солнце не попадает);
күн тийген жердин баарысы весь мир;
2. день;
күн өттү - иш бүттү день прошёл - и хорошо (букв. день прошёл - дело кончилось);
эки күн два дня;
эки күнү в течение двух дней;
отуз күнү в течение тридцати дней;
бул күнү в этот день;
биз үчүн кырк күнү той бер жана кырк күнү оюн кылгын фольк. устрой нам пир на сорок дней и игры на сорок дней;
он төртү күнү четырнадцатого числа;
экиси күнү жөнөймүн я отправлюсь второго числа;
ошол эле күнү в тот же день;
мындан төрт күнү илгери четыре дня тому назад;
күнү бүгүн вот сегодня;
күнү бугүн да даже и сегодня; и по сей день;
күнү бүгүнгө чейин вплоть до сего дня;
күнү бүгүнкүдөй
1) как сегодняшний;
2) перен. свеженький;
күнү кечээ вчера; именно вчера;
кечээ гана күнү только вчера; не дальше как вчера;
оң күн счастливый день; день, предвещающий удачу;
улуу күн или чоң күн великий день (пятница);
атка минип оң күнү, аттаныпсыз чоң күнү фольк. сев на коня в счастливый день, ты двинулся в путь в великий день;
жума күн
1) пятница;
2) перен. то же, что жуманын кадыр түнү (см. кадыр I);
бир күнү или бир күн или күндөрдүн бир күнүндө однажды, в один прекрасный день;
качсак да, бир күн өлөбүз фольк. хотя и убежим, (всё равно) когда-нибудь умрём (трусость не даст вечной жизни);
күнүгө или күндө каждый день, ежедневно;
күнүнө на каждый день;
козу ордуна союшу күнүнө бирден тай болчу фольк. на убоину на каждый день вместо ягнёнка был жеребёнок;
күнү-түнү или күнү-түн или күн-түнү или южн. түн-күн или күндүр-түндүр днём и ночью, днями и ночами, круглые сутки;
күнү-түндүк өмүр жизнь за одни сутки;
баш күндөн или баш күнтөдөн с давних времён, издревле;
чын баатырдын адаты, баш күндөн келген санаты фольк. (это) обычай истинного богатыря, издревле идущий пример;
күнүн в течение одного дня;
күнүн барып, күнүн келет он в один день съездит (поедет и возвратится);
Ошко күнүн барып келиш кыйын в Ош трудно за один день обернуться (поехать и возвратиться в тот же день);
кысырактын кырк байтал, күнүн баарын сойдурду фольк. он приказал в один день зарезать сорок яловых кобылиц;
жыл маалына күн жетти исполнился год;
күндөн күнгө с каждым днём; что ни день, то...;
эмгек күнү трудодень;
жумуш күнү рабочий день;
адам күнү человекодень;
3. время, времена; эпоха;
күнүндө күркүрөгөн в своё время он гремел (был славен);
күн кетип калды южн. время прошло;
4. погода;
күн ачык погода ясная;
күн жаап турат идёт дождь;
күн бүркөлүп, ачылып турат переменная облачность;
мезгил-мезгили менен күн жаайт временами осадки;
күн селдеди дождь немного утих;
мезгил - кыш, күн - аяздуу время зимнее, погода морозная;
5. (ср. өмүр I оокат, тиричилик, турмуш) жизнь;
балыктын күнү көл менен, жигиттин күнү эл менен погов. жизнь рыбы (связана) с озером, жизнь молодца - с народом;
күнү бүтүп, суусу түгөндү его дни сочтены;
жетимчилик күнүн өз башынан кечирген он испытал муки сиротской жизни;
күн көр- жить, существовать;
күнүмдү көрбөй калайын! чтоб мне не видеть солнца (если я...) !;
өз күнүн өзү көргөн он жил самостоятельно; он от других не зависел;
өз күндөрүн өздөрү көрүп жүрүштү они сами находили себе пропитание; они не были на чьём-л. иждивении;
өлбөстүн күнүн көрүп жүрөт он с голода не умирает, но и сыт не бывает;
көрөр күнү или көрөйүн деген күнү предстоящая ему жизнь; то, что ему придётся испытать в жизни;
менин дагы көрөйүн деген күнүм бар мне тоже хочется ещё пожить на белом свете;
көрөр күнүм, ичер суум бар экен я, оказывается, ещё поживу на белом свете;
көрөр күнүн көрө албай, көмүлүп жатып калат фольк. он не проживёт определённого ему века, будет похоронен;
көрөр күнүң ушул вот это твоя участь (на другую не надейся);
менсиз көрөр күнү жок без меня он не может существовать;
күн көрсөт- дать возможность жить;
ал сага күн көрсөтпөйт он тебе не даст жить, он тебя со свету сживёт;
күн өт- или күн өткөр- жить, проводить жизнь;
кез келген жерде күн өттүм я жил где попало;
чала тоют күн өткөрүп ведя полуголодное существование;
күн тартиби повестка дня;
күн тартибине коюлду поставлено на повестку дня;
күндөгүдөй как всегда, как обычно;
күндөгүдөй үйлөрүнө тынч алып отура алышкан жок они не могли спокойно, как всегда, сидеть дома;
күнүң тууду твоё солнце взошло; пришло твоё время (наслаждаться, быть счастливым); пришло твоё счастье;
ал убакта күчтүүнүн күнү тууп, карылуунун карды тоюучу то были времена (экономически) сильных, сыты были могущественные;
эл башына күн тууса, эл жараткан эр келет фольк. когда наступает счастливое для народа время, появляется молодец по нраву народу (т.е. героя порождает время);
күн өтүп кетти поразил солнечный удар;
күн какты изнурена, истощена (от. жары, гл. обр. о лошади);
күн сал- мечтать о чём-л.;
күлүккө күн салгыча, байталга бак берсин погов. чем мечтать о скакуне, лучше пожелать кобыле счастья (т. е чем увлекаться одним скакуном, лучше следить за всем табуном);
күн салдыр- или күн салгыз- быть поставленным в зависимость от кого-чего-л.;
сага күн салдырып (или салгызып) койдум я поставлен в зависимость от тебя;
андай болбогон күндө в противном случае;
күн карама
1) (южн. күн батыш) подсолнечник;
2) двуличный;
күнү кеткен
1) разорившийся, обедневший;
2) потерявший положение в обществе;
күндүн чыкканы менен батканындай не подлежит никакому сомнению (букв. как восход и заход солнца);
күнүн көр- пользоваться благами чего-л.;
малдын күнүн көрүп жатам я живу тем, что мне даёт скот;
аттын күнүн ал көрдү конём пользовался он (получал от коня выгоду);
күмүштү жыйган сен болдуң, күнүн көрдү алты арам фольк. серебро накопил ты, а благами его воспользовались шесть негодяев;
балаңдын күнүн ким көрөт? кому на радость будет твой сын?
балдарыңыздын күнүн көрүңүз живите вашими детьми (живите всем тем, что они вам доставляют);
көрөр күнүм ласк. (к ребёнку) солнышко моё, надежда моя;
иий, күнүңдү көрөйүн! ласк. (к ребёнку) ой, радость ты моя!;
катуу айтып жиберген күндөрүм да болот случается и со мной, что я грубо скажу;
күлө, турган күн барбы! где же там смеяться!; до смеха ли!;
күндөн калды он подавлен; он в подавленном настроении;
күнү түштү с дат. п. он стал нуждаться в..., он попал в зависимость от...;
күнүң түшпөйт элекке стих. ты не будешь зависеть от сита (не будет нужды просеивать);
күнүбүз ошого эле түшүп калган жок свет на нём не клином сошёлся; он не свет в окошке;
башына күн түштү на него свалилась беда;
ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет; эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет погов. свалится беда на коня, он с удилами воду пьёт; свалится на молодца беда, он через воду в сапогах переходит (разнуздывать некогда, снимать сапоги некогда);
кайра жаар күн болуп фольк. (о богатыре) с грозным видом;
дүйнө күн! (или дүйнөгүн!) увы!, как жаль!;
моминтип калдым, дүйнөгүн! стих. увы! я остался в таком вот положении!;
күндүн кызылы лучи заходящего солнца;
күндүн кызылы менен батсын! проклятие чтоб не дожить ему до ночи!;
тан күнү см. таң I;
таңда күнү см. таңда;
күндүн мурду см. мурун I;
демейки күн см. демейки;
каран күн см. каран II 1;
айы-күнү см. ай I;
аттуу күн см. аттуу I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, жылуулук, жарык таратуучу асман телосу. Чындыгында эле Күндүн жылуулугу менен жарыгы болбосо, Жердеги тиричиликтин болушу да мүмкүн эмес.
  1. 2.                  Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү. Мына, күн узарып, жылуулук берди (Убукеев).
  2. 3.                  Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил. Январда 31 күн бар. Ал беш күн ооруду.
  3. 4.                  Убакыт, мезгил, учур. Советтин бир баатыры эр Панфилов, Кеттиңиз оор күндө арабыздан (Нуркамал). Кийинки күндө [Шабыраалы] өзү да шалакы болуп кетти (Байтемиров).
  4. 5.                  Турмуш, тиричилик, жашоо, абал. Чыгым анда толуп кетип, Элдин күнү куурулган (Аалы). Ошонун баары жоо болсо, Ортосунда Канышай Кандай күндө калды экен («Курманбек»).
  5. 6.                  Календарлык дата, айдын белгилүү бир числосу; кандайдыр бир окуяга арналган дата. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо («Жаш ленинчи»). Партиялык комитет айына бир жолу малчылардын күнүн өткөрөт («Советтик Кыргызстан»).
  6. 7.                  Аба ырайы, жаан-чачын. Күн ачык. Күн бүркөк, себелеп жаап турат (Баялинов). Күүгүм кире күн дыбырап жаап кирди (Байтемиров).

¨ Кун мурун — алдын ала, мурдатан, эрте. Жабылып жалпы журту конок алмак, Күн мурун тамак-ашын турат камдап (Маликов). Күнү-түнү же күндүр-түндүр — күндүз да, түндө да, кайсы учурда болбосун. Эсимден чыкпайт күн-түнү, Эжеден туулган бала деп (Үсөнбаев). Рудольфтун жаш кыялы алып учуп, күндүр-түндүр ойлогону орус эли, орус жумушчулары (Баялинов). Күн какты болуу — жайлоого же эркин коё берилбей, ишке чегилүү (көбүнчө жылкы жөнүндө). Сенин күн какты болгон аттарың Күндүк жолго жарабас (Осмонкул). Жумуш күнү — ишти, кызматты аткарууга белгиленген белгилүү убакыт, саат. Жумуш күнү аяктап баратты (Каимов). Күн көрүү — жашоо, турмуш өткөрүү, оокат-тиричилик кылуу. Сүйбөгөнүң менен, анын үстүнө апсыйган картаң чал менен кантип күн көрүүгө болот? (Абдукаримов). Күн көрсөтпөө — кордук көрсөтүү, өз жайына койбоо, үстөмдүк кылып алуу, чоңдук кылуу. Балдарынын күнүн көрүү — балдарынын жыргалын, ыракатын, пайдасын көрүү. Багыңды коргоп жоо сайган Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев). Ай-күнүнө жетүү — төрөтүнө жакын калуу, убактысы жетүү. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш.. кыз-келиндердин катарында тамылжып олтурат (Сыдыкбеков). Күнү түшүү — оор, кыйын абалда, шартта калуу; оор турмушка, кыйынчылыкка дуушар болуу. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет (макал). Бирөөгө же бир нерсеге күн салуу же күнү калуу — бирөөнүн көзүн кароо; бирөөгө, кандайдыр бир шартка көз каранды болуу. Кишиге салган күн курусун, көзүн караган сайын адамды күңкор кылып жиберет (Жантөшев). Дөдөйгө күн салгылык кылбасын (Байтемиров). Башына каран күн түшүү же күнү каран болуу — чоң кайгыга, бакытсыздыкка, азапка, кыйынчылыкка дуушар болуу. Башына каран күн түшкөн Сансыздын алачыгы күндөгүсүнөн беш бетер шүмүрөйгөнсүп турат (Жантөшев). Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Каран күн же кокуй күн! — кайгырганда, өтө чочуганда, корккондо, катуу нааразылыгын билдиргенде айтылуучу сөз. Эмне дейт, каран күн, кудай ? А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! Күнү туу — ойдогусундай, каалаганындай шарт пайда болуу, тилеги орундалуу. Күнүм тууду, өкмөткө мен курман, Менде жоктун баарын берди өзүмө (Аалы). Күнү бүгүнкүдөй — ошол бойдон, өзгөрбөгөн, бир калыпта, жаңы бойдон. Уялары күнү бүгүнкүдөй (Жантөшев). Күнү бүгүн же күнү бүгүнгө чейин — азыр да, ушул убакка чейин. Бул зулумдардын таягынын заары күнү бүгүнгө чейин сөөк-саагымды сыздатып жүрөт (Абдукаримов). Күн карама — 1) даны кабыкчанын ичинде боло турган, чоң сары топ гүлү көбүнчө күн тарапты багыт алып туруучу техникалык өсүмдүк. Толгон айдай күн карама жылмаят, Адатынча күндү карап күндөгү (Аалы); 2) өң карама, кошоматчы, күчтүүрөөк болуп бараткан кишинин, тараптын сөзүн сүйлөгөн.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
күн, күнгө
күн активдүүлүгү
күн активдүүлүгүнүн кайталанышы (физ.)
күн алыс
күн балык сымалдар (зоол.)
күн батар
күн батареясы
күн батыш
күн бою
күн бузулуу
күн жүрүш (түштүк)
күн какты
күн календары
күн карама
күн карама бүлбүлдөгү
(а. ч.)
күн кечирүү
күн көр-
күн көрсөтпөө
күн көрүү
күн мурун
күн өтүү жана ысык уруу
(а. ч.)
күн сайын
күн салгылык кылбасын
күн салуу
күн таажысы
күн тагынын кайталанышы (физ.)
күн тартиби
күн тийген жердин күкүгү
күн тийген жердин чоросу
күн-түн теңелүү
күн туруктуулугу (физ.)
күн чыгыш
күн шамалы (физ.)
күн энергиясы (физ.)
күн ядросу (физ.)
күнү бою
күнү бүгүн
күнү бүгүнкүдөй
күнү бүтүү
күнү жок
күнү каран болуу
күнү катын
күнү өтпөө
күнү-түнү
күнү түшүү
күнү-түнү

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катарында эсептелүүчү асман телосу. Жер Күндүн айланасында айланат. – Түш болуп калган экен го, – деп саанчы Калбүбү күндү карады (Убукеев). || өт. Күн нуру. Канаты күнгө чагылып, Учканын кара ак куунун (Бөкөнбаев). Жаман эшик ансыз да күнгө какшып араң турган эле (Сыдыкбеков). Сугатчы салмак аттаса, ийниндеги кетмени күнгө чагылышат (Сыдыкбеков). 2. Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү, таң аткандан караңгы киргенге чейинки мезгил. Мына, күн узарып, жылуулук берди (Убукеев). Ач карын түлкү жаткан ичтен тынып, Узун күн, үңкүрчөдө ташка бугуп (Бөкөнбаев). Күн кечтеп, аба салкындады (Баялинов). 3. Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил. Күн артынан күн өтүп, акыры алтынчы ноябрь болду (Убукеев). Алты айыбыз отуздан жүз сексен күн болсун (Убукеев). 4. Жалпы эле мезгил, кандайдыр бир окуяларды, белгилүү бир учурларды, жыл мезгилин ичине алган убакыт. Күндөр бизден күлгүндөй кезди жулуп, калганына караткан жолдор мына (Чотурова). Азыркы күндө 32 миң коюбуз бар (Убукеев). Кийинки күндө Шабыраалы өзү да шалакы болуп кетти (Байтемиров). Согуштун оор күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). || Белгилүү бир доор, жашоо мезгили, замана. Кызык күнүң өткөрүп Койбогула, кыздар ай! (Токтогул). 5. Жашоо абалы, жан сактоо, өмүр сүрүү шарты, оокат-тиричилик, турмуш. Чыгым анда толуп кетип, Элдин күнү куурулган (Токомбаев). Эч адамга салбасын, Элсизде көргөн күнүмдү (Токтогул). Балгартта калган биздин эл, Кандай күндө болду экен («Эр Табылды»). 6. Мүчөлдүк тарых, айдын белгилүү катар саны, кандайдыр бир окуяга, салтанатты белгилөөгө арналган дата. Аялдардын эл аралык күнү. Илим күнү. Эгемендүүлүк күнү. 7. Жаан-чачын, тумандуулук, абанын температурасы сыяктуу атмосферанын ал абалы, аба ырайы. Быйыл күн жаанчыл болду (Жантөшев). Күн бүркөк, дыбыраган жамгыр бар болсо керек эле (Сыдыкбеков). Бүгүн күн чайыттай ачык (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө). Күңгөйгө батпай кой-жылкы, Карды тээп чыктуу чөп жешет (Токобаев). Күнгөйү күнгө чагылып, Тескей жагы көлөкө (Шүкүрбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
күндө I
синьцз. ист.
аульный старшина.
күндө II
ист.
оковы; кандалы;
зоолу салып мойнуна, күндө салып колуна фольк. наложив оковы ему на шею, наложив кандалы ему на руки;
колумду байла күндөгө, корстон болбо дүйнөгө фольк. закуй мне руки в кандалы, (но) не кичись богатством (оно не вечно).
күндө III
каждый день, ежедневно.
күндө- IV
күндөп днями, в течение дней;
күндөп-түндөп или түндөп-күндөп днями и ночами, целыми сутками;
күндөп-түндөп жол жүрүп отурду он шёл (ехал) и днём, и ночью;
күндөп-түндөп жол тартып находясь в пути и днём, и ночью.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Күнүгө, күн сайын, ар күнү; дайыма. Күндө чыккан күлүккө, Саяпкер алган тер кызык (Токтогул). Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт (макал).
¨ Күндөп-түндөп — күнү-түнү менен, күндүзү да, түндө да, күндүзгүсүн да, түнкүсүн да, кайсы учурда болбосун. Каргашалуу куба кой, Күндөп-түндөп жөтөлдүң (Тоголок Молдо). Түндөп-күндөп токтобой, Көчүп турган ким болот? (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндө боло берүүчү, боло жүргөн, кадыресе, кадимки, адаттагы. Күндөгү адатынча жонго чыгып, Карады эки жакка көз жиберип (Шимеев). Чолпондун күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. повседневный;
күндөлүк жумуштар повседневная работа;
2. дневник;
съезддин күндөлүгү дневник съезда;
күндөлүк дептер записная книжка;
журналисттин күндөлүк дептеринен из записной книжки журналиста.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Күн сайын, учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, өз оюн ж. б. жазып жүрө турган дептер. Отряддын күндөлүк дептерине бүгүнкү саякат тууралу эстелик жазышты эмне эстебейсиңер? (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Үйгө берилген тапшырмаларды жазып коюучу жана алган баалары коюлуучу окуучунун дептери. Анда-санда гана айрым сөздөрү болбосо, күндөлүк таза (Сыдыкбеков).

КҮНДӨЛҮК II сын. Күнүнкү, күнүгө боло турган, учурдагы. [Революциядан мурунку жумушчулардын] тагдыры, күндөлүк турмуш-тиричилиги.. азаптуу эмгегине гана байланышкан (Сасыкбаев). Күндөлүк кабарларды окуп турабыз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы. Күндөлүк оокат-тиричилик. Күндөлүк кабарлар. Кийим эмес, оокат үчүн Күндөлүк тапкан тыйын жок (Токомбаев). 2. Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж. б. эскерип жазып жүрө турган дептер. Аскар күндөлүгүн төмөнкү сөздөр менен улады (Сыдыкбеков). 3. Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж. б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНДӨЛҮК СУБЭСЕП – аны андан ары аккумляциялоо максатында, келип түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн коомдук уюмдардын, фонддордун жана бюджеттик мекемелердин банктарда ачылуучу субэсеби.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Текущие трансферты (Current Transfers) —Безвозмездная передача реального или финансового ресурса, не являющихся трансфертами капитала. Текущие трансферты оказывают непосредственное воздействие на уровень располагаемого дохода и на потребление товаров и услуг.  

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шаан-шөкөт, сайран куруучулук, оюн-зооктун байма-бай болушу. Ырас, Жолборс үчүн күндө майрам, күндө той жылына бир келип катары менен жыйырма күндөй созулар эле (Жигитов). Аларга күндө майрам, күндө той болуп турса, бакытка тете баалашат (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Шаан-шөкөт, сайран куруучулук, оюн-зоок. Ырас, Жолборс үчүн күндө майрам, күндө той жылына бир келип катары менен жыйырма күндөй созүлар эле (Жигитов). Аларга күндө майрам, күндө той болуп турса, бакытка тете баалашат (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бирине карата күнү аялдар, күнүлөш аял. Эки күндөш баласы Бири-бири менен өч деген (Барпы). 2. Бири-бирине эрегишип, ичи тардык кылган, күнүлөшкөн аялдар. Айымкандын төрөбөгөндүгү өзүнө кайгы, күндөштөрүнө кубаныч болду (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алар эч качан бири-бирине ак санабайт, алар өмүр бою бирине бири ич тардык кылат (көбүнчө байбиче менен токолдун мамилесине карата). «Мен энемдей болгон байбичелердин үстүнө түшпөймүн! Күндөштүн күлү жоо. Менин өз сарайым, өз кемегем болуш керек», - деп атайлап менсинди (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алар эч качан бири-бирине ак санабайт, алар өмүр бою бирине бири ич тардык кылат (көбүнчө байбиче менен токолдун мамилесине карата). «Мен энемдей болгон байбичелердин үстүнө түшпөймүн! Күндөштүн күлү жоо. Менин өз сарайым, өз кемегем болуш керек», – деп атайлап менсинди (Көчкөнов). В.: Күнүнүн күлү жоо. О койчу, күнүнүн күлү жоо деген ошол. Күнүлөштүн күнү жоо. Күнүлөштүн күнү жоо экендигинин чындыгына ынандым.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или күндүзү, күндүзүн, күндүзүндө)
днём;
жаман ит күндүз үрөт погов. плохая собака лает днём;
күндүз кымыз, түндө кыз - жыргалдары күч болду фольк. днём кумыс, ночью девушки - удовольствий (у богатырей) было уйма;
түн ичинде уйку албай, күндүзүндө тынч албай фольк. ночью сна не получая, днём покоя не получая;
күндүздөрү иштейт южн. днём он работает;
күндүзүн жана түнкүсүн днём и ночью;
күпө-күндүз средь бела дня.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Эртеден кечке чейинки сутканын бөлүгү, түндүн карама-каршысы. Күндүз кечке Анархан менен Дарыяхан жол тосуп, түндөсү Чоко жол тосот (Жантөшев). Чүйдүн күндүзү ысык, түнү салкын (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таң аткандан күн батканга чейинки убакыт, күндүн жарыгы кете элек мезгил. Чүйдүн күндүзү ысык, түнү салкын (Абдумомунов). Кыялданып түш көрүп үкү байкуш, Бадалдарда олтурат күндүз уктап (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. дневной; подённый;
күндүк кызмат подённая работа;
күндүк кызмат кылып, күнүмдүк тамагын таап турган работая подённо, он добывал себе дневное пропитание;
бир күндүк однодневный;
алты күндүк шестидневный; шестидневка;
он күндүк десятидневный; десятидневка;
эки күндүк жол двухдневный путь;
беш күндүк өмүр пятидневная жизнь (обычный эпитет жизни человека, указывающий на её краткость);
дүнүйөгө беш күндүк конок болуп келген адам человек, который появился на свет пятидневным гостем;
2. повседневный, обычный;
күндүк жумуш или күндүк иш повседневная работа; обычное дело;
күндүк айкын жолбашчылык повседневное конкретное руководство;
күндүк муң повседневные житейские заботы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Бир күнгө таандык; бир күн чегиндеги убакыт, өлчөм. Күндүк норма экиден Артып кетет ар күнү (Аалы). Күндүк жерге угулат, Гудоктун үнү заңкылдап (Осмонкул). Күмүш канат күндүк эле жол кылды Москва менен Фрунзенин арасын (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштөө, акы төлөө чеги, өлчөмү бир күнгө эсептелген, бир күндүн эсеби менен болуучу күндүк акы. Күндүк чен. 2. Бир күндүн ичинде өндүрүлүүчү, бир күн чегиндеги убакытка эсептелген. Күндүк май иштеп чыгаруу мерчеми бир центнер,– деди Ийгилик (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн жаңыдан чыкканда, күн тие баштаганда. Күндүн көзү чачыраганда аттандык. Күндүн көзү чачыраганда бээлерди желеге имерип, кулундарды Чагыр өзү байлады (Осмоналиев). В.: Күндүн нуру чачыраганда. Күрүчбек күндүн нуру чачыраганда жан берди («Ала-Тоо»). Күндүн мурду чачыраганда. Колу-буту чырмалып, оозу таңылган Оросул эртең менен күндүн мурду чачыраганда табылды (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. солнечный, освещаемый солнцем;
күңгөй бет дайым күндүү южный склон всегда освещён солнцем;
2. имеющий пристрастие к кому-чему-л.;
катын күндүү бабник; бабий угодник;
мал күндүү или малга күндүү ревниво относящийся к своему скоту; жадный до скота.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНЖАҢЖУҢ — кейипкер. Кытайдын белгилүү баатырларынын бири. Эсенкандын жакын сырдашы, кеңешчиси катары айтылат. Маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алына турган учурларда Айжаңжуң экөө дайыма Эсенкандын кашында турушат:
Эр Эсенкан чамынып,
Так үстүндө камынып,
Быжылдап кайнап жан толуп,
Айжаң-жуң менен Күнжаң-жуң,
Жанындагы курдашы,
Кеп айтуучу сырдашы,
Жакын турган ал болду (Саякбай Каралаев, 1. 165).
Согуштардагы эрдиги сүрөттөлбөгөндүгү менен Чоң казатта К-дун Алмамбеттин колунан өлгөнү айтылган эпизод бар (Саякбай Каралаев, 2. 204). Бул ысым «Күн» жана «жаң-жуң» (кытайча «цзяньцзюнь» — генерал, генерал губернатор, колбашчы) деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлүп, экинчи бөлүгү эчактан бери кытайларда, кийинчерээк, айрым түрк-моңгол элдеринде титул катары колдонулуп келген. К. антропониминин пайда болушуна, ошондой эле 19к-дагы Цинь империясы менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер да кайсы бир даражада роль ойногон, к. Айжаңжуң.
А. Боронов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНЖҮТ — топоним. Негизги варианттарда кезигет. «Сейтектеги» туткундардын кайра кошулушу окуясында: «Күн жетпестин Күнжүткө, Күндөп-түндөп жол жүрүп, Жеткен экен Карадөө» (Курама вариант, «Сейтек», 66),— деп Момунжанды издеп Карадөө К-кө чейин баргандыгы айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНКАН — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдында жүргөнүндө К-дын кызы Күнүкейди тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85). Сагымбай Орозбаков вариантында мындай ысымдагы кейипкер кытай каны катары айтылат, к. Күнкан.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНКАН — эпизоддук кейипкер, калмак каны. Радлов жазып алган вариант менен Сагымбай Орозбаков вариантында Манас баатыр К. менен согушуп жеңет. Бул антропонимдин чыгыш теги байыркы түрктөргө таандык. Эпосто сакталып калган эң эски ысымдардын бири. «Күн» жана «кан» деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн. Түрк элдеринин фольклорунда, айрыкча уламыш, мифтеринде өтө көп учураган ысым. Бүгүнкү күндө адам аты катары кыргыз антропонимдер системасында колдонулбайт, Күн, хан, Күн жаан жана башкалар формаларында ошондой кылымдын эстеликтери болгон Кашкарлык Махмуддун «Диван лугат ит-түрк» эмгегинде, Рашид ад-Диндин «Тарыхтар жыйнагында» учурайт. Айрым алтай эпосторунда да жолугат, к. Айкан.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кошоматчы, эки жүздүү, күчтүүрөк болуп бараткан, алдуу-күчтүү жактын, тараптын сөзүн сүйлөгөн. Кээ адам күн карама, эки жүздүү, Бул адам тууралыктан үмүт үздү (Тоголок Молдо). Күн карама оюлгур, Күлүп сүйлөп жалтактап (Тоголок Молдо). Уч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сары гүлдүү, тегерек келген башы күн тарапты багыт алып туруучу, даны кабыкчанын ичинде бышып жетиле турган өсүмдүк. Толгон айдай күн карама жылмаят, Адатынча күндү карап күндөгү (Токомбаев). 2. Бийлиги, даражасы жогору турган же оокаттуу, бай кишинин сөзүн сүйлөп, ошонун дегени менен болуучу, кошомат кылып, ошону жактап туруучу өң карама, өз алдынчалыгы жок кошоматчы. Кээ бир адам күн карама, эки жүздүү, Бул адам тууралыктан үмүт үздү (Тоголок Молдо). Үч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашоо, өмүр өткөрүү, жансактоо, бала-чакасын, үй-бүлөсүн асыроо. Атам жарыктык, ошол жерди мекендеп, жайдыр-кыштыр эч кимге кошулбай күн кечирип, бизди асырап келген экен (Медетов). В.: Күн кечүү. Жалганчы болуп жүргүчө, Жалгыз жүрүп күн кечем (фольк.). Бирок бөтөн журттун колундагы аялдардын турмушу кандай болуп, күн кечери Ажарга белгисиз (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кирг.-ир.
зависимый, находящийся в зависимости;
күнкор болуп, эч кимге адамгерчилигимди саткан эмесмин я в зависимости не был и никому свою честь не продавал;
күнкор болуп буларга, кошамат кылган окшогон стих. он, похоже, от них зависим и (поэтому) угодничал (перед ними).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Күнү калган, көз каранды. Биз ал кишиге күнкорбузбу же алып коюп бербей жүргөн бирдемебиз барбы («Советтик Кыргызстан»). Акылдаштар, амал жолун тапкыла, Мал талатып күнкор болуп турбайлы (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кордук көрсөтүү, тынчтык бербөө, өтө начар мамиле жасоо, өз жайына койбой, үстөмдүк кылып, тынчын ала берип жүдөтүү. Бирок мунун кайын энеси башынан өч болучу. Күн көрсөтчү эмес (Элебаев). Ушинтип отурсаң мага күн көрсөтпөйсүң го, – деп, дагы оңураңдап шарт чыгып жөнөгөнүм эсимде (Айтбаева). Мурдатан орун алып калган неме күнүлүк кылып, кийинки барган мага күн көрсөтпөс (Эшмамбетов). Күнөөсү жок адамды, Күн көрсөтпөй айдайсың (Токтогул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кордук көрсөтүү, тынчтык бербөө, өтө начар мамиле жасоо, өз жайына койбой, үстөмдүк кылып, тынчын ала берип жүдөтүү. Бирок мунун кайын энеси башынан өч болучу. Күн көрсөтчү эмес (Элебаев). Ушинтип отурсаң мага күн көрсөтпөйсүң го, - деп, дагы оңураңдап шарт чыгып жөнөгөнүм эсимде (Айтбаева). Мурдатан орун алып калган неме күнүлүк кылып, кийинки барган мага күн көрсөтпөс (Эшмамбетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашоо, өмүр сүрүү, оокат-тиричилик кылуу. Сүйбөгөндөн кийин, анын үстүнө апсыйган картаң чал менен кантип күн көрүүгө болот?! (Абдукаримов). Орозкулдун колун карап, күн көрүп жүргөнүңдү билбейсиңби? (Айтматов). В.: Күн өткөрүү. Тополоң ошонусу менен эл кыдырып, күн өткөрөт, бала-бакырасын багат (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
прил. к күн;
бүгүнкү күнү кечээги күнкүдөн жакшыраак, эртеңки күнү болсо, бүгүнкү күнкүдөн жакшыраак иштөөгө үйрөнүү керек нужно научиться работать сегодня лучше, чем вчера, завтра - лучше, чем сегодня;
бир күнкү таанышка миң күнү салам бер погов. того, с кем один день был знаком, тысячу дней приветствуй (здоровайся с ним);
жайдын күнкүдөй как в летние дни; как летом;
балапан күнкү иш дело детских лет; это было в детские годы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдын ала, мурдатан, эрте. Жабылып жалпы журту конок алмак, Күн мурун тамак-ашын турат камдап (Маликов). Ата-энесинин келерин күн мурун уккан келини буту-бутуна тийбей жүгүрүп, берер тамагын даярдап күйпөлөккө түшүүдө («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
күнө I
то же, что күнөө;
күнөйүм моя вина;
чачымдан көп күнөйүм фольк. грехов у меня больше, чем волос на голове;
бул күнөйүн кечир эту вину ты ему прости
күнө II
ир. южн.
древний, ветхий.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНӨГӨР — эпизоддук кейипкер. Казак балбаны. Нескаранын келатканын угуп, кол жыйнап жаткан Манаска келип кошулган казак колунун ичинде К. балбандын да аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 218).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что күмөн;
күнөм сапар сомнительная (с возможными опасностями) дорога;
эч кимге күнөмү жок түшүнүктүү болду ни у кого нет сомнений, (всё) стало понятно;
күнөм сана- подозревать (что-то неладное); сомневаться;
Дарыяхан көп ишенбейт, экөөнөн күнөм санайт Дарыяхан не очень верит, подозревает их обоих;
сен күнөм санаганды таштап, тырышып оку ты брось сомневаться, учись старательно.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
сомневающийся, подозревающий;
өз кулагына өзү ишенбей, күнөмдөр болду не веря собственным ушам, он стал сомневаться;
өтө күнөмдөр карап калды он посмотрел с большим подозрением, он посмотрел очень подозрительно.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
грех; вина, проступок, провинность;
күнөөм моя вина;
аз айып-күнөө болсо, кечириңиз если есть (за мной) грех-провинность, простите;
күнөөгө жыгыл- оказаться виновным;
ууру күчтүү болсо, ээси күнөөгө жыгылат погов. если вор силён, то хозяин (украденной вещи) окажется виновным;
кай жерден көрдү күнөйүм? в чём он увидел мою вину?
күнөө сал- возложить вину, обвинить (доказав);
жээ болбосо, Чүрөктүн мойнуна күнөө салып кет фольк. в противном случае возложи вину на Чурек;
күнөөгө бат- совершить грех; согрешить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коомдук тартипти, жүрүш-туруш нормаларын бузуудан, кандайдыр бир жаңылыштык кетирүүдөн келип чыккан айып, жалпы эле жазыктуу, айыптуу мамиле, кимдир бирөөнүн кылмыштуу аракети. Күнөөсү жок, соту жок, Айдап кеткен болучу (Токтогул). Жашырып койсо жараткан, Жаш жандын кылган күнөөсүн (Токомбаев). Байкуш Бакыда күнөө бар беле? Каяша айтам деп балаага калбадыбы (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНӨӨ (АЙЫП) – кылмыш-жаза укугунда адамдын өзүнүн укукка каршы кылыгына (аракетине жана аракетсиздигине) жана анын натыйжаларына карай маанай мамилеси. Адамдын өзүнүн жүрүм-турумунун обу жоктугун (укукка каршылыгын) жана ага байланышкан жыйынтыктардын туура эместигин моюнга алуусун (түшүнүүсүн) билдирет. Юридикалык жоопкерчиликтин зарыл шарты. К. адамдын мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагына жеткени жана акыл-эси жайында болгону өбөлгө болот. Жарандык укукта К. – жарандык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчилик шарттары: келишимдик же башка милдеттенмелерди орундабай, болбосо ойдогудай аткарбай коюу, мыйзамсыз келишим түзүү, мүлктүк зыян келтирүү ж. б. Жарандык укукту бузган адамдын күнөөсү болжолдонот; ал жоопкерчиликтен кутулушу үчүн өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдөөгө тийиш. Айрым убактарда К. (м.: эгер зыян өзгөчө коркунучтуу жагдайдан улам тартылса) сөзсүз жоопко тартууга негиз боло бербейт. К. таризи адатта жарандык-укуктук жоопкерчиликтин көлөмүнө таасир этпейт. Эларалык укукта К. катары укук бузуу субъектиси тарабынан жасалганы аныкталган, анын эларалык-укуктук жоопкерчилигин жараткан факты түшүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНӨӨ (АЙЫП) ПРИНЦИБИ КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы принциптеринин бири. Ал.: а) адам өзүнүн күнөөсү аныкталган коомдук коркунучтуу аракеттери (аракетсиздиги) үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат; б) объективдүү айып тагуу, б. а. айыпсыз зыян кылгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жол берилбейт дегенди билдирет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. виновный; преступник;
күнөөкөр сыяктуу башын төмөн салды он, как преступник, опустил голову;
алар абдан күнөөкөр болгондой төмөн карашты они опустили головы (букв. смотрели вниз), будто были очень виноваты;
2. грешник.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнөөсү бар, жазыгы бар, кетирген жаңылыштыгы үчүн жооптуу, айыптуу. Адам баласын айбанга теңеген киши күнөөкөр (Сыдыкбеков). Эрке кыз күнөөкөр сыяктуу табышын акырын чыгарды (Байтемиров). 2. Мыйзамга, үрп-адат эрежелерине ылайык айыпталуучу адам, сот жообуна тартылган кылмышкер. Доочу менен күнөөкөрдүн сөзүн уккандан кийин бий чекир көзүн жуумп, бир аз ойлонуп отурду (Каимов). Күкүгү элем көп элдин, Күнөөкөр болуп сенделдим (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от күнөөкөр
представляться или как бы считать себя виновным, преступником;
атасын ошол бир көргөндө тааныбагандыгына күнөөкөрсүп, жер карады он опустил голову (букв. смотрел в землю), как бы признав себя виновным; он опустил голову, будто преступник.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Күнөө коюу, айыптоо, күнөөлүү деп эсептөө. Жакындагы жоболоңдуу окуя үчүн Салык Мамбеткулду күнөөлөйт (Каимов). [Бурулча] Алтындын адамгерчилигин мактаган менен каттабай койгондугу үчүн күнөөлөдү (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
обвинять;
Жапекти, эмне деп, күнөөлөмөк эле? а в чём он может обвинить Джапека?
кан, катынын күнөөлөп, мунааранын башынан таштатканын ырдаңыз спойте о том, как хан, обвинив жену свою, приказал сбросить её с минарета.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнөө коюу, айыптоо, күнөөлүү деп эсептөө. Жакындагы жоболоңдуу окуя үчүн Салык Мамбеткулду күнөөлөйт (Каимов). Бурулча Алтындын адамгерчилигин мактаган менен, каттабай койгондугу үчүн күнөөлөдү (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. предосудительный;
күнөөлүү иш нехорошее дело, предосудительный поступок;
2. виновный, преступник;
же бир жеринен жазып күнөөлүү болдумбу? или я в чём-нибудь ошибся и провинился?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнөөсү бар, жүрүм-туруму же кандайдыр бир айыптуу иши боюнча уятка калгыдай, күнөөкөр болгудай жаңылыштыгы бар, айыптуу, кылмыштуу. Карабек, сенин мага акырая карай турган жөнүң бар, баарына өзүм күнөөлүүмүн (Каимов). Күнөөлүү – деп, баарына, Статья арналган (Казыбек). Булар күнөөлүү эмес, баарын баштаган менмин,– деп чынымды айттым (Токомбаев). Негедир күнөөлүүдөй жалтаңдайт (Усубалиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНӨӨСҮЗ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – эгер жосун жасаган адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билбесе, билүүгө тийиш болбосо же аңдап билиши мүмкүн болбосо же анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса жана иштин жагдайлары боюнча аларды баамдоого тийиш болбосо же баамдашы мүмкүн болбосо жосун күнөөсүз жасалган деп табылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНӨС — эпизоддук кейипкер, казак балбаны. Нескара менен болгон уруштагы калмак балбаны Даң-даңдын колунан курман болуп, жер анын атынан Күнөс аталган делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 219— 220).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНӨС — топоним. Көзкамандар Манасты ууландырганын билген Каныкей Манастын кийимин кийинип, «Манастап» ураан чакырып Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу аркылуу Күнөс, Жылдыз, Кош-Талаадан өтөт (Курама вариант, 1. 285). Географиялык реалияда Иле дарыясынын баш куймаларынын бири.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн нуруна кактануу, күн чубактаган, күн нуруна бөлөнгөн абалда болуу. Тамдын төбөсүндө күнөстөп жаткан тооктор туш-тушка качты (Сыдыкбеков). Турсунаалы менен Кабыл сарайдын түбүндө күнөстөп отурушту (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн тийип турган, жаркырап жайнап, күнү ачык болуп турган учурлары көп, күн жакшы тийген. Эмчегине ууз жыйнап, Күнөстүү жерге мал барат (Токобаев). Кийгизмек элең кызыңа Күнөстүү Оштун жибегин (Үмөталиев). Күнөстүү жаркыраган Түштүк мына (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн көзүн кароо, бирөөгө көз каранды кылуу, анын жардамына муктаж кылуу. Күлүккө күн салгыча, байталга бак берсин (макал). Кишиге салган күн курусун, көзүн караган сайын адамды күнкор кылып жиберет (Жантөшев). В.: Күнү калуу. Баласына күнү калып отурган кемпир («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндүн жана тартылуу күчүнүн таасири менен Күндү тегеренип кыймылдаган 9 чоң планетадан (Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Плутон) турган система. Күн системасы – он миңдеген кичине планеталардан, кометалардан, метеордук бөлүкчөлөрдөн, планета аралык газдан турган асман телолорунун системасы.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдин иши оң болуп турса, же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»). ...Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы - аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү (Медетов). Алар күн тийген жердин күкүгү, - деп Сүйүнбай эмкииштинчордонун ошолорго бурду (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдин иши оң болуп турса, же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»). ...Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы – аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү (Медетов). Алар күн тийген жердин күкүгү, – деп Сүйүнбай эмки иштин чордонун ошолорго бурду (Өгөбаев). В.: Күн тийген жердин чоросу. Күн тийген жердин чоросу. Ким чоң болсо, ошону жандайт, ошонун сөзүн сүйлөйт («Чалкан»). Мындайдын келгенине кубанба, кеткенине кайгырба – мындайды ошон үчүн «Күн тийген жердин чоросу» дейт, ага теңирим көкжал бөрүнүн артынан ээрчиген жорунун, кузгундун, карганын күнүн берип койгон (Касымбеков). Күн тийген тоонун күкүгү. Күн тийген тоонун күкүгү болуп, кара жанынын камын көрүп, акыры Жылматай да кетти дүйнөдөн (Осмоналиев). Күн тийген жердин бүлөсү. – Куйругуңду кыпчып калгансың го? Күн тийген жердин бүлөсү (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)

к. КҮН ТИЙГЕН ЖЕРДИН КҮКҮГҮ Күн тийген жердин чоросу. Ким чоң болсо, ошону жандайт, ошонун сөзүн сүйлөйт («Чалкан»). Мындайдын келгенине кубанба, кеткенине кайгырба - мындайды ошон үчүн «Күн тийген жердин чоросу» дейт, ага теңирим көк жал бөрүнүн артынан ээрчиген жорунун, кузгундун, карганын күнүн берип койгон (Касымбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮН ТУМУШ ЭЛИ — этноним. «Манас» эпосунун Радлов жазып алган вариантта кыргыздардан алыс жашаган эл катарында Бокмурун ашка чакырган көп сандаган элдердин арасында эскерилет: «Андан ары сен барсаң, Күн тумуш эли болучу, Ага жетип кабар бер» (Радлов жазып алган вариант 144).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндүн кыймылынын натыйжасында анын борборунун эклиптика менен экватордун кесилишкен чекити аркылуу өтүү маалы (моменти). Күн-түн теңелүү болжолу 21-мартта (жазгы) жана 23- сентябрда (күзгү) болуп өтөт. Күн-түн теңелүү мезгилинде уюл аймактарынан башка жерлерде күн менен түн бирдей узактыкта болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. этн. жёны одного мужа по отношению друг к другу;
үстүмө күнү албаска убада берип, мени алган стих. он женился на мне, обещав не брать вторую жену;
2. этн. вторая или не первая жена, одна из жён (при живой и не разведённой первой);
күнү катындын балдары дети второй жены;
3. соперница.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. тар. 1. Көп аялдуу кишинин аялдарынын өз ара мамилелерине карата бирин бири аташы; мамилеси жагынан көп аялдуу кишинин аялдары (бири-бирине карата). Күнү үстүндө кор болдуң, Күлгүн жашың тең жүрбөй (Тоголок Молдо). Абысын—аңдышкан жоо, күнүкүйүшкөн жоо (макал).
  1. 2.                  өт. Күнүлөшкөн, башка бирөөгө атаандашып, эрегишкен аял.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. этн. Эки же андан көп аялдуу кишинин аялдарынын бири-бирине карата болгон абалы. Абысын – аңдышкан жоо, күнү – күйүшкөн жоо (макал). Токолго күнү байбичелердин чачтары түктүйө, беттери сустая калат (Сыдыкбеков). 2. этн. Биринчи аялынын үстүнө алган экинчи аялы же биринчи аялынын үстүнө андан кийинки алган аялдары. Күнү үстүндө кор болдуң, Күлгүн жашың тең жүрбөй (Тоголок Молдо). 3. Бири-бирине же башка бирөөгө карата ич тардык кылган, кызганчаактык мамиледе болгон аял.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлө турган мезгили жетүү, өлүү. Ажал жетип күн бүтсө, Аруу жууп көөмп кой («Манас»). Кичинекей кызы күнү бүткөн тоокту там башынан ыргытып ийиптир (Жигитов). -Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү сенин! - деп май көчүккө керилип туруп тепти эле, Орозкул төрт аяктап тоңкоңдоп барып, анан теңселе туруп эшикке чыкты (Айтматов). 2. Бийлиги, мансабы колдон кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Анын күнү бүттү, мурдагы кел-кели жок деди («Ала-Тоо»). - Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү... (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлө турган мезгили жетүү, өлүү. Ажал жетип күн бүтсө, Аруу жууп көөмп кой («Манас»). Кичинекей кызы күнү бүткөн тоокту там башынан ыргытып ийиптир (Жигитов). – Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү сенин! – деп май көчүккө керилип туруп тепти эле, Орозкул төрт аяктап томпоңдоп барып, анан теңселе туруп эшикке чыкты (Айтматов). 2. Бийлиги, мансабы колдон кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Анын күнү бүттү, мурдагы келкели жок деди («Ала-Тоо»). В.: Күнү бүтүп, суусу ичилүү. Күнүң бүтүп, сууң ичилди го шордуум (Жоошбаев). Күнү бүтүп, суусу түгөнүү. Анын күнү бүтүп, суусу түгөнгөн экен. Күнү түгөнүү. Күнүң түгөнгөндө, айлаң кеткенде бул жайга келет экенсиң (Сыдыкова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйынчылыкка, оор абалга дуушар болуу, чоң кайгыга, бактысыздыкка, кырсыкка учуроо. Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Ылайым күнү каран болуп, темселеп калсын (Абдукаимов). Жерге кирсин, күнү каран Бир басынса ургаачы, Кайда Батам балдар менен, Көөнүм чаппайт көчүүгө («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыйынчылыкка, оор абалга дуушар болуу, чоң кайгыга, бактысыздыкка, кырсыкка учуроо. Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Ылайым күнү каран болуп, темселеп калсын (Абду кгимов). Жерге кирсин, күнү каран бир басынса ургаачы, Кайда батам балдар менен, Көөнүм чаппайт көчүүгө («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНҮ КАТЫН — эки же көп аялдуу кишинин аялдарынын бири-бирине карата болгон мамиле абалдары. Мисалы, эпосто Жакыптын аялдары Чыйырды менен Бакдөөлөт бири-бирине карата К. к. болуп эсептелет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНҮКЕЙ — эпизоддук кейипкер. Күнкандын кызы. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдында жүргөндө К-ди да тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнүлөш аялдар бири-бирине карата эрегишкен, атаандашкан, кылык жоругун, жүрүм-турумун жактырбаган мамиледе болуу, күндөштүк кылуу. 2. Башка бирөөнү көрө албоо, атаандашып, ич тардык кылуу, аны жактырбагандыгын, каршы экендигин көрсөтүү. Жан чыдап кантип жатасың, Душманың турса күнүлөп (Элебаев). Жаман тууган көрө албайт, Жакшылык консо күнүлөп (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирине бири күнүлүк мамиле кылуу, бири-бирине карата кызганчаактыгын, ичи тардыгын көрсөткөн күнүлөштүк мамиледе болуу. 2. өт. Бири-бирине атаандашып эрегишкен, көрө албай ичи тардык кылган мамиле жасоо. Күнүлөшүп Канчоро, Кекенип калды таарынып («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көп аялдуу кишинин аялдарынын өз ара мамилеси, бирин-бири көрө албоочулук мамилеси. Балдардан улам чырлашкан, Күнүлүктү коюңар (Жантөшев).
  1. 2.                  Көрө албастык, ич тардык, атаандашуучулук. Билер-билбес экөөндө, Күнүлүгү бар экен («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнүлөш аялдардын бири-бирине карата болгон абалы жана ошондой абалдагы мамилеси. Күнүлүктө жүрүп күн көрүү. Күнүлөш аялдардын күнүлүгүнөн чыккан чыр-чатак. 2. Бири-бирине атаандашып эрегишүүчүлүк, бирин-бири көрө албаган ичи тардык. Билер-билбес экөөндө, Күнүлүгү бар экен («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(противоп. түбөлүк)
1. то, что назначено на один день; временный, непостоянный, преходящий;
күнүмдүк оокат или күнүмдүк тамак хлеб насущный, дневное пропитание;
ар кимдин кызматын кылып, күнүмдүк тамагын табат работая то у одного, то у другого, он (таким образом) добывает себе дневное пропитание;
күнүмдүк эмес, түбөлүк не временный, а вечный;
2. обыденный, повседневный;
күнүмдүк турмуш повседневная жизнь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Бир күңдүк, бир күндүн ичинде иштелген иштин өлчөмүндөгү, чениндеги. Күнүмдүк акым канча турат?
2. Күндөлүк, учурдагы, убактылуу, түбөлүк эмес. Күчүң барда иштеп көн, Күлүп-жайнап, эр жигит, Күнүмдүктү ойлобой, Кулак байлап жер жибит (Токтогул). Акылсыздар күнүмдүк, Дүнүйөгө сатылат (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир күндүн ичинде иштелген иштин өлчөмүндөгү, чегиндеги, бир күндүк. Иштеген иштин күнүмдүк акысын актап алуу. 2. Түбөлүк эмес, күндөлүк, учурдагы, убактылуу. Күчүң барда иштеп көн, Күлүп жайнап, эр жигит, Күнүмдүктү ойлобой, Кулак байлап, жер жибит (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсенин (дүнүйөнүн, турмуштун балдарынын ж. б.) убай-урматын, жыргалын, пайдасын көрүү. Көкөтөйдүн көп дүйнө, Калмактар күнүн көрөт бейм («Манас»). Күмүштү тапкан сен болдуң, Күнүн көрдү алты арам («Манас»). Багыңды коргоп жоо сайган Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев). Бөкөн, Чаян өлгөндөн кийин Жакып Алтай тоосун таянып, өзүнчө күнүн көрүп турду («Манас»). Күнүңдү көрөр кезимде, Күйүттү мага салганың («Эр Табылды»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсенин (дүнүйөнүн, турмуштун балдарынын ж.б.) убай-урматын, жыргалын, пайдасын көрүү. Көкөтөйдүн көп дүйнө, Калмактар күнүн көрөт бейм («Манас»). Күмүштү тапкан сен болдуң, Күнүн көрдү алты арам («Манас»). Багыңды коргоп жоо сайган, Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев).Бөйөн, Чаян өлгөндөн кийин Жакып Алтай тоосун таянып, өзүнчө күнүн көрүп турду («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: күнүнкүсүн күнү или күнүнкүсүн күнүн или күнүнкүсүн күндө в тот же день;
терилген пахталарды күнүнкүсүн күнү пунктка өткөрүү керек собранный за день хлопок нужно сдавать на пункт в тот же день;
күнүнкүсүн күндө сарп кылып атам всё (добытое мною за день) я расходую в тот же день; я едва свожу концы с концами.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардыгы оюндагысындай, дегениндей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. Эркектер дөбөдө кымыз ичишип, калжаң сөздүн күнү тууп... турган кезде, ачык туруп күн күркүрөдү (Осмоналиев). -Ай, Кудай менде! Күнүм тууса көрөрмүн. Унутпа ушунуңду, деди да, Элеман кете берди (Нурпеисов). Кошоматчылардын, байжармат жагынуучулардын күнү тууду («Советгик Кыргызстан»), Күнү тууп, сааты жеткен өңдүү күч алып, жүрөктөрү бийледи (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардыгы оюндагысындай, дегениңдей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. Эркектер дөбөдө кымыз ичишип, калжаң сөздүн күнү тууп турган кезде, ачык туруп күн күркүрөдү (Осмоналиев). – Ай, Кудайменде! Күнүм тууса көрөрмүн. Унутпа ушунуңду, деди да, Элеман кете берди (Нурпеисов). Күнүм тууду, өкмөткө мен курман, Менде жоктун баарын берди өзүмө (Токомбаев). Малчылардын күнү тууп, эмгек акылары мол болгон кез («Ала-Тоо»). Кошоматчылардын, башкармага жагынуучулардын күнү тууду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
күндүр-түндүр менен бирдей. Күнү-түнү жол жүрүп, Жеттим кыргыз четине (Токтогул). Күн-түнү тынбай урушуп, Төштүк салды чоң жаңжал («Эр Төштүк»). Уулуке качан келет деп, Сени күнү-түнү күтүп жүрчү элем («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн көзүн кароо. – Ушу силерге кайсы элдин, кайсы жердин күнү түшүп калды экен, өңкөй каракчы?! (Касымбеков). Тышка чыгып бирөөгө күндөрү түшүп көрбөгөн немелер, кайсы үйдү көздөй басаарын билишпейт (Осмоналиев). Акбүбү тышкы алгы-берги жумуштар боюнча кимдир бирөөгө күнү түшүп калса, анда бир-эки сөз менен гана пикир алышат (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн көзүн кароо. - Ушу силерге кайсы элдин, кайсы жердин күнү түшүп калды экен, өңкөй каракчы?! (Касымбеков). Тышка чыгып бирөөгө күндөрү түшүп көрбөгөн немелер, кайсы үйдү көздөй басаарын билишпейт (Осмоналиев). Акбүбү... тышкы алгы-берги жумуштар боюнча кимдир бирөөгө күнү түшүп калса, анда бир-эки сөз менен гана пикир алышат (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнүлөшүнө карата жаман мамиле кылган, ага күн көрсөтпөй куурата берген, башка аялдарга карата күнүлөштүк, ичи тардык мамиледе болгон. Күнүчүл аял. 2. Бирөөгө эрегишүүнү, атаандашып күнүлөгөндү жакшы көргөн, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жактарын көрө албаган кызганчаак. Мухаббат койнун ачканда, Күнүчүл жүрөк туйлады (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күнү аялдардын бири-бирине карата болгон күнүлүк мамилеси, күнүлөштүк мамиле.
2. Ичи тардык, көрө албастык, атаандашкандык. Кыздар менен ойногон кезиңде да, сенин ушундай эч кимге жол бербеген күнүчүлүк адатыңы көп байкай тургам (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнү аялдардын бири-бирине карата болгон күнүлүк мамилеси, күнүлөштүк. 2. Ичи тардык, бири-бирине эрегишкендик, кызганчаактык, атаандаштык. Ак бетке тамылжыган каны жүрүп, Жүрөккө келе калды күнүчүлүк (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнөстүү жерге, күн жакшы тийген жерге кактанып, күнгө жылынып отуруу. Мен боорго барып күн чубактап отурайынчы (Бейшеналиев). Сагындар мандалак издеп кетишкенде үйдөгүлөр эшикке чыгып, күн чубакташат (Осмоналиев). Чокой кургаганча күн чубактап көздү жүлжүйтүп отуруп калам (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күнөстүү жерге, күн жакшы тийген жерге кактанып, күнгө жылынып отуруу. Мен боорго барып күн чубактап отурайынчы (Бейшеналиев). Сагындар мандалак издеп кетишкенде үйдөгүлөр эшикке чыгып, күн чубакташат (Осмоналиев). Чокой кургаганча күн чубактап көздү жүлжүйтүп отуруп калам (Жусупов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. айчылык, жылчылык)
длительность одного дня;
күнчүлүк сайган ишиме айчылык сайып жетпеген фольк. то, что я вышивала за день, она не успевала вышить в течение месяца;
аз күнчүлүк өмүр кратковременная жизнь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
чыгыш менен бирдей. Өлкөнүн бир кенже уулу – Кыргызстан, Мактанып, күлүмсүрөп күн чыгыштан (Осмонов). Күн чыгыштан муздак жел сокту. 2. өт. Сүйгөн, арзыган адам, сүйгөн адамды эркелетип атоонун бир түрү. Улам карап туш тарапты элеңдеп, Айтар сөздү миң кайталап белендеп. Күн чыгышым сени күтөм зарыгып, Анык беле айткан сөзүң келем деп (Кожомбердиев).