КҮН ТИЙГЕН ЖЕРДИН КҮКҮГҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кимдин иши оң болуп турса, же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»). ...Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы - аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү (Медетов). Алар күн тийген жердин күкүгү, - деп Сүйүнбай эмкииштинчордонун ошолорго бурду (Өгөбаев).