Киргизско-русский словарь Юдахина
1. повседневный;
күндөлүк жумуштар повседневная работа;
2. дневник;
съезддин күндөлүгү дневник съезда;
күндөлүк дептер записная книжка;
журналисттин күндөлүк дептеринен из записной книжки журналиста.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Күн сайын, учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, өз оюн ж. б. жазып жүрө турган дептер. Отряддын күндөлүк дептерине бүгүнкү саякат тууралу эстелик жазышты эмне эстебейсиңер? (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Үйгө берилген тапшырмаларды жазып коюучу жана алган баалары коюлуучу окуучунун дептери. Анда-санда гана айрым сөздөрү болбосо, күндөлүк таза (Сыдыкбеков).

КҮНДӨЛҮК II сын. Күнүнкү, күнүгө боло турган, учурдагы. [Революциядан мурунку жумушчулардын] тагдыры, күндөлүк турмуш-тиричилиги.. азаптуу эмгегине гана байланышкан (Сасыкбаев). Күндөлүк кабарларды окуп турабыз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы. Күндөлүк оокат-тиричилик. Күндөлүк кабарлар. Кийим эмес, оокат үчүн Күндөлүк тапкан тыйын жок (Токомбаев). 2. Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж. б. эскерип жазып жүрө турган дептер. Аскар күндөлүгүн төмөнкү сөздөр менен улады (Сыдыкбеков). 3. Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж. б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНДӨЛҮК СУБЭСЕП – аны андан ары аккумляциялоо максатында, келип түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн коомдук уюмдардын, фонддордун жана бюджеттик мекемелердин банктарда ачылуучу субэсеби.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Текущие трансферты (Current Transfers) —Безвозмездная передача реального или финансового ресурса, не являющихся трансфертами капитала. Текущие трансферты оказывают непосредственное воздействие на уровень располагаемого дохода и на потребление товаров и услуг.