Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы. Күндөлүк оокат-тиричилик. Күндөлүк кабарлар. Кийим эмес, оокат үчүн Күндөлүк тапкан тыйын жок (Токомбаев). 2. Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж. б. эскерип жазып жүрө турган дептер. Аскар күндөлүгүн төмөнкү сөздөр менен улады (Сыдыкбеков). 3. Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж. б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.