Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. виновный; преступник;
күнөөкөр сыяктуу башын төмөн салды он, как преступник, опустил голову;
алар абдан күнөөкөр болгондой төмөн карашты они опустили головы (букв. смотрели вниз), будто были очень виноваты;
2. грешник.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнөөсү бар, жазыгы бар, кетирген жаңылыштыгы үчүн жооптуу, айыптуу. Адам баласын айбанга теңеген киши күнөөкөр (Сыдыкбеков). Эрке кыз күнөөкөр сыяктуу табышын акырын чыгарды (Байтемиров). 2. Мыйзамга, үрп-адат эрежелерине ылайык айыпталуучу адам, сот жообуна тартылган кылмышкер. Доочу менен күнөөкөрдүн сөзүн уккандан кийин бий чекир көзүн жуумп, бир аз ойлонуп отурду (Каимов). Күкүгү элем көп элдин, Күнөөкөр болуп сенделдим (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от күнөөкөр
представляться или как бы считать себя виновным, преступником;
атасын ошол бир көргөндө тааныбагандыгына күнөөкөрсүп, жер карады он опустил голову (букв. смотрел в землю), как бы признав себя виновным; он опустил голову, будто преступник.