Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнөөсү бар, жазыгы бар, кетирген жаңылыштыгы үчүн жооптуу, айыптуу. Адам баласын айбанга теңеген киши күнөөкөр (Сыдыкбеков). Эрке кыз күнөөкөр сыяктуу табышын акырын чыгарды (Байтемиров). 2. Мыйзамга, үрп-адат эрежелерине ылайык айыпталуучу адам, сот жообуна тартылган кылмышкер. Доочу менен күнөөкөрдүн сөзүн уккандан кийин бий чекир көзүн жуумп, бир аз ойлонуп отурду (Каимов). Күкүгү элем көп элдин, Күнөөкөр болуп сенделдим (Токтогул).