Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардыгы оюндагысындай, дегениңдей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. Эркектер дөбөдө кымыз ичишип, калжаң сөздүн күнү тууп турган кезде, ачык туруп күн күркүрөдү (Осмоналиев). – Ай, Кудайменде! Күнүм тууса көрөрмүн. Унутпа ушунуңду, деди да, Элеман кете берди (Нурпеисов). Күнүм тууду, өкмөткө мен курман, Менде жоктун баарын берди өзүмө (Токомбаев). Малчылардын күнү тууп, эмгек акылары мол болгон кез («Ала-Тоо»). Кошоматчылардын, башкармага жагынуучулардын күнү тууду.