Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнөөсү бар, жүрүм-туруму же кандайдыр бир айыптуу иши боюнча уятка калгыдай, күнөөкөр болгудай жаңылыштыгы бар, айыптуу, кылмыштуу. Карабек, сенин мага акырая карай турган жөнүң бар, баарына өзүм күнөөлүүмүн (Каимов). Күнөөлүү – деп, баарына, Статья арналган (Казыбек). Булар күнөөлүү эмес, баарын баштаган менмин,– деп чынымды айттым (Токомбаев). Негедир күнөөлүүдөй жалтаңдайт (Усубалиев).