Күнөөсүз зыян келтирүү
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КҮНӨӨСҮЗ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – эгер жосун жасаган адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билбесе, билүүгө тийиш болбосо же аңдап билиши мүмкүн болбосо же анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса жана иштин жагдайлары боюнча аларды баамдоого тийиш болбосо же баамдашы мүмкүн болбосо жосун күнөөсүз жасалган деп табылат.