Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Күнүгө, күн сайын, ар күнү; дайыма. Күндө чыккан күлүккө, Саяпкер алган тер кызык (Токтогул). Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт (макал).
¨ Күндөп-түндөп — күнү-түнү менен, күндүзү да, түндө да, күндүзгүсүн да, түнкүсүн да, кайсы учурда болбосун. Каргашалуу куба кой, Күндөп-түндөп жөтөлдүң (Тоголок Молдо). Түндөп-күндөп токтобой, Көчүп турган ким болот? (Тоголок Молдо).