күндө I синьцз.ист. аульный старшина. күндө II ист. оковы; кандалы; зоолу салып мойнуна, күндө салып колуна фольк. наложив оковы ему на шею, наложив кандалы ему на руки; колумду байла күндөгө, корстон болбо дүйнөгө фольк. закуй мне руки в кандалы, (но) не кичись богатством (оно не вечно). күндө III каждый день, ежедневно. күндө- IV күндөп днями, в течение дней; күндөп-түндөп или түндөп-күндөп днями и ночами, целыми сутками; күндөп-түндөп жол жүрүп отурду он шёл (ехал) и днём, и ночью; күндөп-түндөп жол тартып находясь в пути и днём, и ночью.
такт. Күнүгө, күн сайын, ар күнү; дайыма. Күндө чыккан күлүккө, Саяпкер алган тер кызык (Токтогул). Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт (макал).
¨ Күндөп-түндөп — күнү-түнү менен, күндүзү да, түндө да, күндүзгүсүн да, түнкүсүн да, кайсы учурда болбосун. Каргашалуу куба кой, Күндөп-түндөп жөтөлдүң (Тоголок Молдо). Түндөп-күндөп токтобой, Көчүп турган ким болот? (Тоголок Молдо).
Күндө боло берүүчү, боло жүргөн, кадыресе, кадимки, адаттагы. Күндөгү адатынча жонго чыгып, Карады эки жакка көз жиберип (Шимеев). Чолпондун күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров).
Күн сайын, ар күнү, ар убакта, ар дайым. Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт (макал). Күндө чыккан күлүккө, Саяпкер алган тер кызык (Токтогул).
Iзат.1. Күн сайын, учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, өз оюн ж. б. жазып жүрө турган дептер. Отряддын күндөлүк дептерине бүгүнкү саякат тууралу эстелик жазышты эмне эстебейсиңер? (Сыдыкбеков).
2. Үйгө берилген тапшырмаларды жазып коюучу жана алган баалары коюлуучу окуучунун дептери. Анда-санда гана айрым сөздөрү болбосо, күндөлүк таза (Сыдыкбеков).
КҮНДӨЛҮКIIсын. Күнүнкү, күнүгө боло турган, учурдагы. [Революциядан мурунку жумушчулардын] тагдыры, күндөлүк турмуш-тиричилиги.. азаптуу эмгегине гана байланышкан (Сасыкбаев). Күндөлүк кабарларды окуп турабыз.
1. Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы. Күндөлүк оокат-тиричилик. Күндөлүк кабарлар. Кийим эмес, оокат үчүн Күндөлүк тапкан тыйын жок (Токомбаев). 2. Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж. б. эскерип жазып жүрө турган дептер. Аскар күндөлүгүн төмөнкү сөздөр менен улады (Сыдыкбеков). 3. Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж. б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.
КҮНДӨЛҮК СУБЭСЕП – аны андан ары аккумляциялоо максатында, келип түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн коомдук уюмдардын, фонддордун жана бюджеттик мекемелердин банктарда ачылуучу субэсеби.
Текущие трансферты (Current Transfers) —Безвозмездная передача реального или финансового ресурса, не являющихся трансфертами капитала. Текущие трансферты оказывают непосредственное воздействие на уровень располагаемого дохода и на потребление товаров и услуг.
Шаан-шөкөт, сайран куруучулук, оюн-зооктун байма-бай болушу. Ырас, Жолборс үчүн күндө майрам, күндө той жылына бир келип катары менен жыйырма күндөй созулар эле (Жигитов). Аларга күндө майрам, күндө той болуп турса, бакытка тете баалашат (Ашымбаев).
Шаан-шөкөт, сайран куруучулук, оюн-зоок. Ырас, Жолборс үчүн күндө майрам, күндө той жылына бир келип катары менен жыйырма күндөй созүлар эле (Жигитов). Аларга күндө майрам, күндө той болуп турса, бакытка тете баалашат (Ашымбаев).
Күндүз да, түнкүсүн да, жарыкта да, түн катып да, тыным албай, күндүр-түндүр. Күндөп-түндөп жол чалып, Айланып нечен тоолорду («Мендирман»). Күндөп-түндөп токтобой, Көчүп турган ким болот (Тоголок Молдо).
1. Бири-бирине карата күнү аялдар, күнүлөш аял. Эки күндөш баласы Бири-бири менен өч деген (Барпы). 2. Бири-бирине эрегишип, ичи тардык кылган, күнүлөшкөн аялдар. Айымкандын төрөбөгөндүгү өзүнө кайгы, күндөштөрүнө кубаныч болду (Каимов).
Алар эч качан бири-бирине ак санабайт, алар өмүр бою бирине бири ич тардык кылат (көбүнчө байбиче менен токолдун мамилесине карата). «Мен энемдей болгон байбичелердин үстүнө түшпөймүн! Күндөштүн күлү жоо. Менин өз сарайым, өз кемегем болуш керек», - деп атайлап менсинди (Көчкөнов).
Алар эч качан бири-бирине ак санабайт, алар өмүр бою бирине бири ич тардык кылат (көбүнчө байбиче менен токолдун мамилесине карата). «Мен энемдей болгон байбичелердин үстүнө түшпөймүн! Күндөштүн күлү жоо. Менин өз сарайым, өз кемегем болуш керек», – деп атайлап менсинди (Көчкөнов). В.: Күнүнүн күлү жоо. О койчу, күнүнүн күлү жоо деген ошол. Күнүлөштүн күнү жоо. Күнүлөштүн күнү жоо экендигинин чындыгына ынандым.