КҮНДӨ МАЙРАМ, КҮНДӨ ТОЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Шаан-шөкөт, сайран куруучулук, оюн-зооктун байма-бай болушу. Ырас, Жолборс үчүн күндө майрам, күндө той жылына бир келип катары менен жыйырма күндөй созулар эле (Жигитов). Аларга күндө майрам, күндө той болуп турса, бакытка тете баалашат (Ашымбаев).