зат.Күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө). Күңгөйгө батпай кой-жылкы, Карды тээп чыктуу чөп жешет (Токобаев). Күнгөйү күнгө чагылып, Тескей жагы көлөкө (Шүкүрбеков).
Тоонун күнгө караган бети, күндү караган тарабы. Күнгөйү күнгө чагылып, Тескей жагы көлөкө (Шүкүрбеков). Биз күнгөй жолуна салып, көл жээктей жөнөдүк (Абдумомунов).
Жол жүрүүдө, мал жайып чыгууда ж. б. тоонун күнгөй жагында, күнгөй жерлерде болуу, күнгөй тарапты бет ала жүрүү. Күнгөйлөп жүрүп отуруу. Малды күнгөйлөп жаюу.