КҮНҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. этн. Эки же андан көп аялдуу кишинин аялдарынын бири-бирине карата болгон абалы. Абысын – аңдышкан жоо, күнү – күйүшкөн жоо (макал). Токолго күнү байбичелердин чачтары түктүйө, беттери сустая калат (Сыдыкбеков). 2. этн. Биринчи аялынын үстүнө алган экинчи аялы же биринчи аялынын үстүнө андан кийинки алган аялдары. Күнү үстүндө кор болдуң, Күлгүн жашың тең жүрбөй (Тоголок Молдо). 3. Бири-бирине же башка бирөөгө карата ич тардык кылган, кызганчаактык мамиледе болгон аял.