Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНӨС — эпизоддук кейипкер, казак балбаны. Нескара менен болгон уруштагы калмак балбаны Даң-даңдын колунан курман болуп, жер анын атынан Күнөс аталган делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 219— 220).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮНӨС — топоним. Көзкамандар Манасты ууландырганын билген Каныкей Манастын кийимин кийинип, «Манастап» ураан чакырып Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу аркылуу Күнөс, Жылдыз, Кош-Талаадан өтөт (Курама вариант, 1. 285). Географиялык реалияда Иле дарыясынын баш куймаларынын бири.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн нуруна кактануу, күн чубактаган, күн нуруна бөлөнгөн абалда болуу. Тамдын төбөсүндө күнөстөп жаткан тооктор туш-тушка качты (Сыдыкбеков). Турсунаалы менен Кабыл сарайдын түбүндө күнөстөп отурушту (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн тийип турган, жаркырап жайнап, күнү ачык болуп турган учурлары көп, күн жакшы тийген. Эмчегине ууз жыйнап, Күнөстүү жерге мал барат (Токобаев). Кийгизмек элең кызыңа Күнөстүү Оштун жибегин (Үмөталиев). Күнөстүү жаркыраган Түштүк мына (Үмөталиев).